Когда:
22.06.2018 @ 18:00 – 22:00
2018-06-22T18:00:00+03:00
2018-06-22T22:00:00+03:00
Где:
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет
Жени-Жок кочосу № 30
Стоимость:
Бесплатно

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин

2017-2018-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөр салтанатынын

ПЛАН-СЦЕНАРИЙИ

Өткөрүү күнү:2018-жылдын 22- июну, саат 18.00 до.

Өткөрүү орду:ЭАУнун Эл аралык медициналык колледжинин алдындагы аянт.

Жооптуулар жана алдын ала даярдык маселелер:

  • Окуудан сырткары иштер, мамлекеттик тил жана коомчулук менен байланыштар боюнча проректор, ф.и.к., доц. А.С. Жолдошбаев – жалпы программанын жүзөгө ашырылышы, фото-видео тартуу, ММК чагылдыруу, сыйлануучуларды сыйлоо;
  • Маданий-эстетикалык борбордун директору Б.Р. Мадоморов – маданий программаны даярдоо (концерттик номерлер);
  • Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы М.А. Абдыкалыков – салтанат аянтын даярдоо, жасалгалоо, орундуктарды жайгаштыруу, маданий программага студенттик активди катыштыруу;
  • Каттоо кеңсесинин жетекчиси, э.и.к., доц. Э.С. Кокуева, ЭАКТИнин директору Чагры Эргезер, ГЭК директору, э.и.к., доц. К.А. Раймкулов, ЭАКТК директору, доц. Сажиде Йылмазел – бүтүрүүчүлөрдү салтанатка толук катыштыруу (бүтүрүүчүлөрдүн мантияларын кийгизүү менен), студенттер активин сыйлоого сунуштоо, маданий программага студенттерди катыштыруу, уюштуруу маселелерин жүзөгө чогуу ашыруу, ата-энелер өкүлдөрүн чакыруу.
  • Салтанат аянтында тазалыкты камсыздоо, газондорду тартипке келтирүү, жарыктандыруу жабдыктарын иштетүү (электр кубаттуулугунун үзгүлтүксүздүгү, лампочкалардын коюлушу), эмеректерди бөлүп берүү (300 орундук) – студенттик шаарчанын директору Д.А. Алибеков.

 

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин

2017-2018-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөр салтанатынын

ПРОГРАММАСЫ

Башталышына чейин (17.30 дан) шаңдуу жаштар обондору, ырлар жаңырып турат

  1. Расмий бөлүгү:
    • Салтанаттын Кыргыз Республикасынын гимни жана ЭАУ гимни менен ачылышы – 3 мин.
    • ЭАУ ректору, э.и.д., профессор А.А. Мамасыдыковдун бүтүрүүчүлөрдү куттуктоо сөзү жана сыйлыктарды тапшыруусу (ЭАУ, ЭАКТИ, ГЭК, ЭКТК жетекчилери менен биргеликте) – 15 мин.
    • Студенттердин ата-энелеринин ЭАУнун ректоратына, профессор-окутуучулар курамына ыраазычылык билдирүүсү – 6 мин.
    • Студенттердин активинин ЭАУнун ректоратына, профессор-окутуучулар курамына ыраазычылык билдирүүсү – 6 мин.
  2. Маданий бөлүгү:
    • Концерт: 1 КВН тамашасы, 7 ыр, 2 бий номерлери – 30 мин.
  • Көңүл ачуу бөлүгү
    • Дискотека – диджейи, оюндары, сый белектери менен – 1 саат.
    • Салют атуу, жакшы каалоо-тилектер менен узатуу 10 мин.

 Даярдагандар:

Окуудан сырткары иштер, мамлекеттик тил жана коомчулук менен байланыштар боюнча проректор,

ф.и.к., доц. А.С. Жолдошбаев

Маданий-эстетикалык борбордун директору Б.Р. Мадоморов

246 View