Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин
2017-жылдын бүтүрүүчүлөрүнүн кечесин өткөрүү боюнча
ПЛАН-СЦЕНАРИЙ
- Өткөрүү күнү жана убактысы: 2017-жылдын 16-июну, саат 18.30 до.
- Өткөрүү орду: ЭАУнун концерттик аянты.
- Күтүлгөн бүтүрүүчүлөрдүн саны: 440 (ЭАУ бакалавриат-50, магистратура-18, ЭАКТИ-40, ГЭК-332).
Жасалгалоо:
- сахнада түстүү гелий менен үйлөнгөн шарлардан арка, сахнанын төрүндөгү көркөмдөлгөн мегаборд (окуу жайдын кыргызча/орусча аталышы, эмблемасы, “Курманбек” комплекси, астында кызгалдактар талаасы);
- аянтта түстүү гелий үйлөнгөн шарлар, флагштоктор, желекчелер, “Instagram” тактасы, магистратуранын билборду ;
- орундуктар: антта 324 орун (230 орундук – БАЗдан, 74 орундук — китепканадан, 20 орундук — №30 кабинет/CreaLabдан ), камылгада 35 орундуу скамейкалар (7 даана х 5 орундан), сахна алдында VIP-меймандар үчүн 3 стол, 6 орундук (столдо ак дасторкон, гүл, суусундуктар, 6 стакан, салфетка, 4 чакан мискейде шириндиктер), жанында өз алдынча столдо чоң торт (магистратурадан, окуу жайдын жана аземдин аталышы менен);
- сахнага чыгууну ыңгайлаштыруу үчүн 2 кошумча тепкич (оң, сол тараптарынан);
- концерт аянтчасын тегерете көкмайсанга чөп эгүү, гүлдөрдү отургузуу.
Жооптуулар тобу:
- кеченин жалпы жүрүшү боюнча – окуудан сырткары иштер, мамлекеттик тил жана коомчулук менен байланыштар боюнча проректор, ф.и.к., доц. А.С. Жолдошбаев;
- кеченин маданий программасы боюнча (ырчылар, бийчилер, алып баруучулар, сырттан чакырылган чебер артисттер, номерлер кезеги, алып баруучулардын көркөмдөлгөн тексттери) – маданий-эстетикалык борбордун директору Б.Р. Мадоморов;
- кеченин коопсуздугу боюнча, башкы имаратка кире бериште машиналардын туруу тартиби, бардык чыгуу/кирүүлөрдү көзөмөлдөө боюнча (бир гана башкы имарат эшиги ачык болот, спортзалга кирүү стадиондон, бардык дарбазалар, эшиктер жабылат) – Коопсуздук кызматынын жетекчиси доц. У.Б. Амиракулов (милициянын жергиликтүү бөлүмүнүн участкалык кызматкерлерин тартуу менен);
- бүтүрүүчүлөрдүн кечеге уюшкан түрдө катышуусу, сыйлоо үчүн мыктыларынын тизмесин алдын ала берүү, чыгармачыл студенттерди катыштыруу боюнча (ырчыларды, бий топторун) – ЭАУ боюнча Каттоо кеңсесинин башчысы э.и.к., проф. Н.А. Ормонов (бакалавриат), э.и.к., доц. А.Б. Төрөгелдиева (магистратура), ЭАКТИ боюнча э.и.к., доц. Ж.Б. Исманов, ГЭК боюнча э.и.к., доц. К.А. Раймкулов;
- бүтүрүүчүлөрдү сыйлыктарга көрсөтүү боюнча шарттуу чек коюулар (окуунун мыктылары жана коомдук-маданий-спорт иш-чараларынын активисттери), – ЭАУга 3-4 (к.э.н., проф. Н.А. Ормонов), ЭАКТИ ге 3-4 (к.э.н., доц. Ж.Б. Исманов), ГЭКке 7-8 (к.э.н., доц. К.А. Раймкулов);
- 1 мыкты бүтүрүүчүнү, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелеринен 1 өкүлдү жана алардын сөзүн даярдоо боюнча — Каттоо кеңсесинин башчысы э.и.к., проф. Н.А. Ормонов;
- концерттик аянтты, сахнаны жасалгалоо боюнча (түстүү үйлөмө шарлар, желекчелер гирляндалары, флагштоктор, мегаборд менен), чоң тортту даярдатуу боюнча – Эл аралык бөлүмдүн башчысы э.и.к., доц. А.Б. Төрөгелдиева (дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы проф. М.А. Таштанов, Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы К.Н. Жусупов менен биргеликте);
- концерттик аянттагы тегерете көкмайсанга чөп эктирүү жана гүлдөрдү отургузуу боюнча — студенттик шаарчанын коменданты Т.М. Абдылдаев;
- тазалык, электр кубаттуулугун үзгүлтүксүздүгү (генератор – бензини, майы, зымдары, чубалгылары менен), негизги жана кошумча жарыктандыруучу жабдыктардын иштеши боюнча – студенттик шаарчанын коменданты Т.М. Абдылдаев, электрик С.А. Позывайло;
- жогорку деңгээлде көркөмдөлгөн сахна мегабордунун (окуу жайдын кыргызча/орусча аталышы, эмблемасы, “Курманбек” комплекси, астында кызгалдактар талаасы), VIP-меймандарга кечеге чакыруу каттарынын, сыйлыкка берилүүчү ардак грамоталардын, ыраазычылыктардын электрондук үлгүсүн даярдоо, чыгаруу, фото-видео тартууларды уюштуруу боюнча – Окуу-маалымат департаментинин директору, п.и.к., проф. Т.Т. Омошев;
- VIP-меймандарды чакыруу, салюттарды алдыртуу – I проректор э.и.к., доц. А.К. Кантөрөева;
- үйлөмө түстүү шарлар, желекчелер гирляндалар, сыйлыктар менен камсыздоону аткаруу боюнча – кесиптик кошуун комитетинин төрагасы У.А. Абдыкулов (камсыздоочу Н.М. Сыдыгалиев менен биргеликте);
- салюттун атылышын даярдоо жана аттыруу, аны аттырууда коопсуздукту камсыздоо боюнча — Коопсуздук кызматынын жетекчиси доц. У.Б. Амиракулов (салют спорт аянтында, кеченин соңунда атылат);
- сахна үчүн “CreaLab”дан кошумча жарыктандыруучу студиялык жабдыктарды сахнага бөлүп берүү боюнча – Эл аралык бөлүмдүн башчысы э.и.к., доц. А.Б. Төрөгелдиева;
- массалык маалымат каражаттарын чакыруу, аларда чагылдыруу боюнча – Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматынын жетекчиси э.и.к., доц. Т.Т. Мамытов;
- массалык маалымат каражаттары үчүн пресс-релизди даярдоо боюнча – окуудан сырткары иштер, мамлекеттик тил жана коомчулук менен байланыштар боюнча проректор ф.и.к., доц. А.С. Жолдошбаев;
- концерттик аянтка орундуктарды ташуу боюнча — Каттоо кеңсесинин башчысы э.и.к., проф. Н.А. Ормонов;
- концерттик аянттагы орундуктарды эртеси ордуна кайтарып ташуу боюнча – ГЭК директорунун орун басары доц. У.Б. Амиракулов.
Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин
2017-жылдын бүтүрүүчүлөрүнүн кечесинин
ПРОГРАММАСЫ
- Расмий бөлүк OOO:
- Шаңдуу жарыя (музыка, сурнайлар, КР гимни) – 5 мин.
- Ректораттын жана меймандардын куттуктоолору, каалоо-тилектери (ЭАУ ректору — э.и.д., профессор А.А. Мамасыдыков, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.У. Сатыбалдиев, Жалал-Абад мэри Т.А. Темирбаев) – 15 мин.
- Мыкты бүтүрүүчүлөргө сыйлык-белектерди берүү (ардак грамоталар, ыраазычылык каттары, эстелик белектер-сааттар ж.у.с.) – 15 мин.
- Мыкты бүтүрүүчүнүн ыраазычылык менен кайрылуу сөзү – 3 мин.
- Ата-энелердин өкүлүнүн ыраазычылык менен кайрылуу сөзү – 3 мин.
- Концерттик бөлүк ¯¯¯:
- ЭАУнун чыгармачыл студенттеринин концерттик номерлери – 20 мин.
- ЭАУ менен кызматташкан областтын чыгармачыл шериктештеринин номерлери (филармония, маданият үйү ж.б.: Чынара Дооранова, Самаган Кочкоров, Нургүл Темиркулова, Рустам Абдыкадыров 2 номерден, “Айбий” бийчилер тобу 3 номер) – 45мин..
- Бүтүрүүчүлөрдүн урматына салют :
- Бүтүрүүчүлөрдүн урматына салют атуу аземи – 5 мин.
- Сүрөткө (меймандар, бүтүрүүчүлөр) түшүүлөр – 15 мин.
- Каалоочулар үчүн дискотека – 45 мин.
Коопсуздук кызматы (У.Б. Амиракулов), бөлүм жетекчилери (Н.А. Ормонов, Ж.Б. Исманов, К.А. Раймкулов) бүтүрүүчүлөр таркамайынча кетпейт.