Урматтуу талакерлер
Сизди мектептин бүтүрүүчү 9-11-класстарынын окуучулары жана алардын ата-энелери, класс жетекчилери үчүн өткөрүлүп жаткан Ачык эшиктер күнүнө чакырабыз.
Ачык эшиктер күнү эки этап менен өткөрүлөт:
I-этап: 2017-жылдын 28-апрелинде -Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн;
II-этап: 2017-жылдын 12-майында -Жалал-Абад, Ош жана Баткен областарынын район-шаарларынын мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн.
Убактысы: саат 09.00 дон 13.00 чейин.
2017-жылдын 12-майында — саат 1100дө 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү арасында математика, кыргыз, орус тили жана адабияты, экономика, чийүү (черчение) сабактары боюнча предмет- тик Олимпиада өткөрүлөт:
1-орунду алгандар биринчи окуу жылында-100%, 2-орунду алгандар биринчи окуу жылында-50%, 3-орунду алгандар биринчи окуу жылында-25%жеңилдик алышат.
Кесиптик багыт берүү жана коомчулук
менен байланыш кызматы
Ачык эшиктер күнүнүн
П Р О Г Р А М М А С Ы
Меймандарды каттоо: саат 09.00 дон 09.30 га чейин.
Окуу жай менен таанышуу экскурсиясы: саат 09.30 дан 12.00 го чейин.
Башкы окуу имараты, колледждин имараты, китепкана, жатакана.
Окуу жайдын билим берүү
ишмердиги боюнча көргөзмө: саат 09.30 дан 12.00 го чейин.
Окуу жайдын I кабатында.
Меймандарга арналган майрамдык ыр-бий шоу түрмөктөрү: Саат 10.00 дон 12.00 го чейин.
!!! ЭАУнун 24 жылдыгына карата мектеп окуучулары үчүн олимпиада: Саат 11.00 дон 13.00 го чейин.
Башкы окуу-административдик имаратында.
Экономика жана ишкердик университетинин Ачык эшиктер күнүнө келген мектептин бүтүрүүчү 9- жана 11-класстарынын окуучулары, алардын ата-энелери, класс жетекчилери окуу жай боюнча жазуу түрүндө да маалымат алып кетишет. Меймандарга окуу жай жөнүндө толук маалымат берген атайын буклеттер, рекламалык проспекттер кыргыз, орус тилдеринде таркатылат.
Биздин дарек:Жалал-Абад шаары, «Спутник» кичи району, Жеңижок көчөсү–30, Экономика жана ишкердик университети (2005-жылга чейин Жалал-Абад Коммерциялык институту).
Болжол: шаар борборунан, автобекеттен 108-, 109-, 110- маршрутка, 8-9-автобус менен «Спутник» кичи районунун борборуна, Жеңижок – Тарсус (мурунку Абдукаимов) көчөлөрүнүн кесилишинин чыгыш тарабында.
Телефондор: (03722) 55908, 51687, 51215;
Факс: (03722) 50705.
Web – сайт:www.uep.kg
E – mail:university_coop@hotmail.com