2010-жылдын июнь айындагы каргашалуу окуялардын курмандыктарын эскерүү иш-чаралары жөнүндө

Үстүбүздөгү жылдын 13-июнунда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректору, э.и.д., профессор А.А. Мамасыдыков, окуудан сырткары иштер, мамлекеттик тил жана коомчулук менен байланыштар боюнча проректор, филол.и.к., доцент А.С. Жолдошбаев жана башка кызматкерлер 2010-жылдын июнь айындагы каргашалуу окуяларда мурунку “Санпа” пахта заводунун тушунда (Сузак району, Топурак-Бел) курман болгондордун эстелиги алдындагы Жалал-Абад областынын, Жалал-Абад шаарынын, Сузак жана Базар-Корон райондорунун жетекчилиги, активи уюштурган эскерүү аземине катышып, эстеликке гүлчамбар коюшту.

Жогоруда иш-чара менен бирге, ушул эле күнү ЭАУнун ректору 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуяларында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, ок жеп жаракат алгандан майып болгондорго жардам берүү максатында каражат топтоо марафонуна катышып, окуу жай атынан акчалай салым кошту.

Жергебизде мындай окуялар экинчи ирет кайталанбасын, ар дайым тынчтык жана ынтымак болсун!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

О памятных мероприятиях жертвам июньских событий 2010 года

13 июня сего года ректор Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова, д.э.н., профессор А.А. Мамасыдыков, проректор по внеучебной работе, государственному языку и связям с общественностью, к.филол.н., доцент А.С. Жолдошбаев и другие сотрудники МНУ приняли участие в акции по поминовению жертв июньских событий 2010 года. Поминальная акция прошла у памятника, установленного в память погибшим у бывшего хлопкового заводом «Санпа» (Сузакский район, Топурак-Бель). Участники акции, руководство и актив Жалал-Абадской области, города Жалал-Абад, Сузакского и Базар-Коргонского районов, в т.ч. ректорат МНУ, возложили к подножию памятника цветы.

Вместе с этим, в тот же день ректор МНУ принял участие в марафоне по сбору средств семьям погибшим и ставшим инвалидами от полученных ран. Ректор МНУ от имени коллектива внес денежный вклад в фонд марафона.

Пусть никогда не будет таких событий и жертв! Пусть всегда на нашей земле будет мир и согласие!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

336 View