Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу студенттер!

Ар бир инсан жаңы жылды жаңы үмүттөр менен күтүп, аруу каалоо-тилектер жанданат. Ушуну менен Жаңы жыл майрамы өзгөчөлөнөт. Эч бир майрам мынчалык күтүлбөйт, эч бир майрам мынчалык шаңга да бөлөнбөйт. Ал баарыбыз үчүн айкын сөздөр. Анткени менен биз жыл сайын жаңы жылды утурлап, бири-бирибизге улам-улам жакшылыктарды гана каалап келебиз. Майрам салтына ылайык мен Сиздерди кирип келе жаткан жаңы 2016-жыл менен чын жүрөктөн куттуктайм жана чың ден соолук, узун өмүр, ийгилик, үй-бүлөлүк ынтымак, бакыт-таалай, бейпил турмуш каалайм! Жергебизде ар дайым тынчтык, жыргалчылык өкүм сүрүп, мекенибиз Кыргызстандын экономикасы гүлдөп-өнүгүүсү
үчүн ак кызмат кылалы!
Жаңы жылыңыздар куттуу болсун!

ЭИУнун ректору, э.и.д., профессор
К.Ш. Токтомаматов

Read More


2015-жылдын 9-декабры: Жалал-Абад областынын прокуратурасы Жалал-Абад областынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын «Юриспруденция» багыты, «Укук таануу» адистиги боюнча студенттеринин арасында «Мыйзамдуулукту даңазалоо, коррупцияны ашкерелөө” темасында эссе – дил баян жазуу боюнча сынак өткөрүп, сынактын “Эң мыкты, жаңычыл ой” номинациясында жеңүүчүсү деп Экономика жана ишкердик университетинин Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Укук таануу” адистиги боюнча 3-курстагы П-9-13 тайпасынын студенти Алимов Шамрек аталып, I даражадагы диплом менен сыйланды. Анын дил баяны эң мыкты, мазмундуу, сынактын темасына туура келген деп калыстар тобу тарабынан белгиленип кетти. Биздин студенттин ийгилиги “7-канал” телекомпаниясы тарабынан чагылдырылып, Алимов Шамректен жана анын агайы, колледждин окутуучусу Юлдашев Кабылжандан интервью алынды.

9 декабря 2015 года: Прокуратура Джалал-Абадской области провела конкурс эссе-сочинений на тему “Восхваление законности, выявление коррупции” среди студентов высших и средних профессиональных учебных заведений области, обучающихся по направлению “Юриспруденция”, специальности “Правоведение”. В номинации «Лучшая, новая идея» победителем был определен студент группы П-9-13 III курса Гуманитарно-экономического колледжа Университета экономики и предпринимательства Алимов Шамрек. Победитель был награжден дипломом I степени. Жюри конкурса особо отметила его сочинение и подчеркнула высокое качество письменной работы в плане содержания, соответствия теме конкурса. Телекомпания «7-й канал» показала в теле эфире момент торжества и интервью победителя конкурса Алимова Шамрека, а также его наставника преподавателя колледжа Юлдашева Кабылжана.

 

Read More


 
DSC_0008

2015-жылдын 8-декабры: Ордолуу Ош шаарындагы Ош областтык драма театрында мамлекеттик «ЭлТР» телерадиокомпаниясынын 10 жылдык мааракесине жана 8-декабрь — Кыргыз Республикасынын телевидение жана радио кызматкерлеринин күнүнө карата салтанат өткөрүлдү. Экономика жана ишкердик университетинин өкүлдөрү аталган салтанатка катышып, “ЭлТР” телерадиокомпаниясын кесиптик майрамы менен куттуктап, “ЭлТР” телерадиокомпаниясынын Жалал-Абад областындагы кабарчысы Сабирова Кыялды экономикалык маселелерди чагылдырууда алгылыктуу иш-аракеттери үчүн Ардак грамота менен сыйлашты. Ардак грамотаны жана гүлдөр букетин университеттин тарбия иштери, коомчулук менен байланыштар жана мамлекеттик тил боюнча проректору, ф.и.к., доц. Анвар Жолдошбаев тапшырды.

DSC_0024

8 декабря 2015 года: В Ошском областном драматическом театре имени С. Ибраимова состоялись торжества в честь 10-летнего юбилея государственной телерадиокомпании “ЭлТР”, а также в честь Дня работников телевидения и радио Кыргызской Республики – 8 декабря. В торжествах приняли участие и представители Университета экономики и предпринимательства г. Джалал-Абад. Представители УЭП поздравили дирекцию телерадиокомпании “ЭлТР” с профессиональным праздником, а также наградили Почетной грамотой УЭП корреспондента телерадиокомпании “ЭлТР” по Джалал-Абадской области Сабиракунову Кыял за заслуги в продвижении материалов по экономическим вопросам. Почетную грамоту и букет цветов вручил проректор по воспитательной работе, связям с общественностью и государственному языку, к.ф.н., доц. Анвар Жолдошбаев.

Read More



2015-жылдын 4-декабры: Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинин бухгалтердик эсеп, талдоо жана көзөмөл кафедрасынын доценти Жанузаков Болотбек Шакыевич жакында эле 08.00.12 – “Бухгалтердик эсеп, статистика” адистиги боюнча экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасын изденип алуу үчүн “Каржылык куралдардын эсебинин жана отчеттуулугунун уюштуруу-усулдук негиздери” темасында диссертациялык ишин ийгиликтүү жактаган. Ага чейин анын жогорку экономикалык окуу жайлар үчүн  “Бухгалтердик каржылык эсеп” окуу китеби жарык көргөн. Окуу китеби да, кандидаттык диссертациясы да аталган багытта биринчилерден кыргыз тилинде жазылганына жогорку баа берилип, республикалык “Кыргыз тили” коому Жанузаков Болотбек Шакыевичти мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө кошкон зор салымы үчүн Ардак грамота менен сыйлады! Сыйлыгыңыз кут болсун, Болотбек агай!

4 декабря 2015 года: Доцент кафедры бухгалтерского учета, анализа и аудита Жанузаков Болотбек Шакыевич недавно по специальности 08.00.12 – «Бухгалтерский учет, статистика», по теме  «Организационно-методические основы учета и отчетности финансовых инструментов» успешно защитил диссертацию на соискание ученой степени кандидата экономических наук. До этого он издал учебник «Бухгалтерский финансовый учет» для экономических вузов. И учебник, и диссертация впервые по этому направлению были написаны на кыргызском языке. Республиканское общество “Кыргызский язык”, высоко оценив эти два факта, наградило Жанузакова Болотбека Шакыевича Почетной грамотой за личный весомый вклад в развитие кыргызского языка! Успехов Вам, Болотбек Шакыевич!

 

Read More


“Экономика жана ишкердик университетинин сахна чеберлери”

DSC_0079

2015-жылдын 2-декабры: Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде ырга, бийге, музыкалык аспаптарда ойноого, сахналык чыгармачылыкка шыктуу студенттер арасында атайын кароо-сынак өткөрүлдү. Кароо-сынак “Экономика жана ишкердик университетинин сахна чеберлери” деп аталып, “Бий чеберлери”,  “Ыр чеберлери”, “Фольклордук чыгармаларды аткаруу боюнча чеберлер”, “Музыкалык аспаптарда мыкты ойногон чеберлер”, “Сахналык чыгармаларды мыкты аткарган чеберлер” номинациялары боюнча өттү. Кароо-сынак жогорку деңгээлде өтүп, таланттуу студенттердин аткарган номерлери калыстар тобунун, көрүүчүлөрдүн, күйөрмандардын купулуна толду. Университет экономикалык багытта болсо да, ырга-бийге шыктуу жаштарга бай окуу жай экени даана көрүндү! Кароо-сынактын демилгечилери: Экономика жана ишкердик университетинин Жаштар иштери боюнча комитети, Маданий-эстетикалык борбору, Студенттик парламент.

DSC_0103

2 декабря 2015 года: В Университете экономики и предпринимательства г. Джалал-Абад был проведен смотр-конкурс «Мастера сцены Университета экономики и предпринимательства». Конкурс-смотр проводился по следующим номинациям: «Мастера танцев», «Мастера-певцы», «Мастера по исполнению фольклорных произведений», «Мастера игры на музыкальных инструментах», «Мастера по исполнению сценических произведений». Конкурс-смотр проводился по инициативе Комитета по делам молодежи, Культурно-эстетического центра, Студенческого парламента УЭП. Жюри, зрители и болельщики были очень польщены уровнем таланта студентов УЭП. Хотя университет учебное заведение экономического профиля, тем не менее, вуз достаточно богат студентами, которые прекрасно поют, танцуют, играют на музыкальных инструментах, исполняют сценические произведения!

DSC_0051

Read More