В МНУ ПРОШЛА МАССОВАЯ ПРОСВЕТИТЕЛЬСКАЯ АКЦИЯ В ЧЕСТЬ ВСЕМИРНОГО ДНЯ БОРЬБЫ СО СПИДОМ

Всемирный день борьбы со СПИДом — международный день ООН, отмечается 1 декабря. Впервые провозглашён ВОЗ в 1988 году, с 1996 года проводится ЮНЭЙДС. День учрежден с целью повышения осведомлённости об эпидемии СПИДа, вызванной распространением ВИЧ-инфекции, а также как день памяти жертв этого заболевания. Многие государственные, общественные и медицинские организации по всему миру в этот день проводят просветительские и диагностические мероприятия. В русле этих мероприятий 26 ноября сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) в честь 1 декабря – Всемирного дня борьбы со СПИДом студентами Международного медицинского колледжа МНУ была проведена массовая просветительская акция.  На акции присутствовал ряд руководителей медицинских учреждений Жалал-Абадской области и города Жалал-Абад. Студентам МНУ были представлены слайд-шоу, инсценировки, конкурсы и флэш-мобы по теме борьбы со СПИДом. Активные участники акции были отмечены призами. Проведение таких мероприятий стало доброй традицией Международного медицинского колледжа МНУ.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУда СПИД МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КҮНҮНӨ КАРАТА МАССАЛЫК ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

СПИД менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 1-декабрда белгиленүүчү эл аралык күн. Бул күндү белгилөө Саламаттыкты Сактоонун Бүткүл Дүйнөлүк Уюму тарабынан 1988-жылы жарыяланып, 1996-жылдан бери ЮНЭЙДС (БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасы) тарабынан атайын иш-чара катары өткөрүлүп келет.  Бул күндү расмий белгилөөнүн негизги максаты – ВИЧ инфекциясынын кеңири таркалышынан келип чыккан СПИД эпидемиясы тууралуу калкка маалыматтын таркалуу деңгээлин жогорулатуу, о.э. бул оорунун курмандыктарын эскерүү. Бул күнү дүйнө жүзү боюнча көптөгөн мамлекетик, коомдук жана медициналык уюм-мекемелер аталган оору боюнча маалымат берүү жана анын алдын алуу максатында атайын иш-чараларды өткөрүшөт. К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) чоң жыйындар залында да бул күндү утурлап үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында ЭАУнун Эл аралык медициналык колледжинин студенттери СПИД боюнча маалымат берүү жана анын алдын алуу акциясын өткөрүштү. Акцияга Жалал-Абад областынын жана шаарынын бир катар медициналык уюм-мекемелеринин жетекчилери да катышкан. Акциянын алкагында ЭАУнун студенттерине тема боюнча бир катар слайд-шоу, сахналаштыруулар көрсөтүлүп, сынактар жана флэш-мобдор өткөрүлдү. Акциянын мыкты катышуучуларына бир катар сыйлыктар берилди. Аталган тема боюнча мындай иш-чараларды өткөрүү ЭАУда мыкты салттуу көрүнүштөрдөн болуп калган.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


В МНУ СОСТОЯЛСЯ РЕГИОНАЛЬНЫЙ МОЛОДЕЖНЫЙ ФОРУМ ПРОЕКТА «ИНИЦИАТИВНАЯ МОЛОДЁЖЬ»

22 ноября сего года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова в г. Жалал-Абад (МНУ) состоялся региональный молодежный форум проекта «Инициативная молодёжь». Форум был инициирован и организован Государственным агентством по делам молодежи, физической культуре и спорту при Правительстве Кыргызской Республики, поддержан миссией USAID в Кыргызской Республике, Фондом Ага Хана, молодежной организацией IDEA в Центральной Азии. В форуме приняли участие лидеры республиканского и регионального актива инициативной молодежи страны, представители молодежных организаций, в т.ч. ближнего и дальнего зарубежья (США, Украина, Армения и др.). Основная идея форума – предоставить активной молодежи южного региона республики информацию о возможностях и лучших практиках активного вовлечения молодежи в процессы принятия решений по социально-экономическим, инфраструктурным и прочим сопутствующим вопросам. В ходе форума шел активный обмен опытом, состоялся интересный диалог между молодежными лидерами и активистами, продвигались новые идеи по вовлечению молодежи в продвижение социально-экономических и инфраструктурных проектов. По итогам форума можно уверенно сказать, что организаторы и участники названного мероприятия сделали еще несколько шагов в продвижении молодежных инициатив! По окончании форума организаторы и участники выразили глубокую признательность ректорату МНУ за деятельную помощь и весомый вклад вуза в проведение названного регионального молодежного мероприятия. Всегда добро пожаловать в МНУ!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУда “ДЕМИЛГЕЛҮҮ ЖАШТАР” ДОЛБООРУНУН ЧӨЛКӨМДҮК ЖАШТАР ФОРУМУ ӨТКӨРҮЛДҮ

 Үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) “Демилгелүү жаштар” долбоорунун чөлкөмдүк жаштар форуму өткөрүлдү. Форум Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан демилгеленген жана уюштурулган. Форумдун өткөрүлүшүнө USAID жана Ага Хан фондунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүктөрү, Борбордук Азиядагы IDEA жаштар уюму колдоо көрсөтүшкөн. Аталган форумга жаштардын республикалык жана чөлкөмдүк деңгээлдеги активинин лидерлери, алар менен бирге мейман иретинде алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн (США, Украина, Армения ж.б.) жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышышты. Форумдун негизги идеясы – республиканын түштүк чөлкөмүндөгү активдүү жаштарга социалдык-экономикалык, инфраструктуралык жана аларга удаалаш маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу жараяндарына жаштардын тартылышы маселелеринде маалымат берүү, мыкты тажрыйба алмашуу. Форумдун жүрүшүндө жаштар иш-чаранын темасы боюнча кеңири тажрыйба алмашышып, ойлорун ортого салышып, бир катар жаңы демилгелерди көтөрүштү. Форумдун жыйынтыгы боюнча корутундубуз: аталган иш-чаранын уюштуруучулары жана катышуучулары жаштардын демилгелерин илгерилетүү үчүн дагы бир нече алгылыктуу кадамдарды жасашты! Иш-чаранын соңунда форумдун уюшуруучулары жана катышуучулары ЭАУнун ректоратына окуу жай тарабынан көрсөтүлгөн жардам жана маанилүү салым үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти. ЭАУга кош келиңиздер!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


ЭАУ СТУДЕНТТЕРИ “ДОСТУК КУБОГУ” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУНДА I ОРУНДУ ЭЭЛЕШТИ

Үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) студенттери 2019-жыл – Аймактардык өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Жалал-Абаддагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлар арасында достукту, ынтымакты жана кызматташтыкты бекемдөө максатында өткөрүлгөн “Достук кубогу” интеллектуалдык оюнунда I орунду ээлешип, колдоруна алтын жаатылган кубок менен I даражадагы дипломду алышты. Жеңүүчүлөрдү атап кетсек, алар Каратаев Чыңгыз, Мойдунова Нуриза, Апсатаров Уран, Тешебаев Бахтияр, Жоробаева Алтынай – университеттин “Эл аралык мамилелер” багыты, университеттин Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Финансы”, “Котормочулук иши” адистиктери боюнча II жана I курстарынын студенттери. Сыйлыгыңар куттуу болсун, ЭАУ студенттери!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы


22 ноября сего года студенты Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) заняли I место в интеллектуальной игре «Кубок дружбы», проведенной в честь 2019 года – Года развития регионов и цифровизации страны и в рамках мероприятий по укреплению дружбы,  связей сотрудничества между высшими и средними профессиональными учебными заведениями г. Жалал-Абад. Студенческую сборную МНУ составили Каратаев Чынгыз, Мойдунова Нуриза, Апсатаров Уран, Тешебаев Бахтияр, Жоробаева Алтынай — студенты II и I курсов по направлению «Международные отношения» и студенты Гуманитарно-экономического колледжа университета по специальностям «Переводческое дело», «Финансы». Победителям достался золоченый Кубок дружбы и диплом I степени. Желаем студентам МНУ дальнейших успехов в таких интеллектуальных мероприятиях!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

Read More


В МНУ ПРОВЕЛИ КВН «ТАМАШОУ-2019»

20 ноября сего года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) был проведен конкурс весёлых и находчивых «Тамашоу-2019». Организаторами конкурса выступили Комитет по делам молодежи и Культурно-эстетический центр МНУ. В названном КВНе приняли участие 7 команд из различных подразделений МНУ: Международный Кыргызско-Турецкий институт — «Анкара-Бишкек», Институт непрерывного открытого образования — «МНУ микс», Комитет по делам молодежи — «Моника Беллуччи», Гуманитарно-экономический колледж (1-я сборная) «Торнадо», Международный Кыргызско-Турецкий колледж —  «Миллион», Международный медицинский колледж — «МедKG», Гуманитарно-экономический колледж «Адвокат» (2-я сборная). Конкурс проводился по традиционным частям. Вначале была разминка, где участники конкурса соревновались в своем остроумии, отвечая на шуточные и неоднозначные вопросы членов жюри. Далее были приветствие и домашнее задание – самые интересные части конкурса. В заключительной части конкурса соревновались капитаны команд, изображая различные темы в соответствии с алфавитом. Эта часть также вызвало море эмоций и смеха. Во время подведения итогов лучшие певцы МНУ исполнили популярные эстрадные песни. Призовой фонд был весомым, включая кубок, большие дипломы и денежные призы. Первое место заняла команда «Моника Беллуччи». Стоит отметить, что КВН «Тамашоу-2019» прошел в лучших традициях МНУ и КВН игр.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУда “ТАМАШОУ-2019” СЫНАГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) “Тамашоу-2019” тамашакөйлөр жана амалкөйлөр сынагы өткөрүлдү. Сынакты ЭАУнун Жаштар иштери боюнча комитети жан Маданий-эстетикалык борбору уюштурушкан. Аталган сынакка ЭАУнун бөлүмдөрүнөн 7 команда катышты, алар: Эл аралык Кыргыз-Түрк институту — «Анкара-Бишкек», Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институту — «МНУ микс», Жаштар иштери боюнча комитет — «Моника Беллуччи», Гуманитардык-экономикалык колледж (1-курама командасы) «Торнадо», Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжи —  «Миллион», Эл аралык медициналык колледж — «МедKG», Гуманитардык-экономикалык колледж (2-курама командасы) «Адвокат». Сынак мындай иш-чаралар үчүн салттуу бөлүктөр боюнча өткөрүлдү. Башында командаларга көнүктүрүү тартибинде тамашалуу жана бир маанилүү эмес суроолор калыстар тобу тарабынан берилди. Кийинкисинде эң кызыктуу жана тамашалуу бөлүктөрү саламдашуу жана үй тапшырмаларын аткаруулар болду. Соңунда командалардын капитандарынын жарышы болду: капитандар ар кандай темаларда алфавитке ылайык тамашаларын көрсөтүүгө аракет кылышты. Бул бөлүк да бир топ тамаша-күлкүлөрдү жаратты. Калыстар жыйынтык чыгарганча ЭАУнун мыкты ырчылары таанымал эстрадалык ырларды аткарып беришти. Сынактын байгелер фонду да абдан жакшы болду: сынактын кубогу, чоң дипломдор жана акчалай сыйлыктар. Биринчи орунду “Моника Беллуччи” командасы ээледи. Бул ирет да “Тамашоу-2019” сынагы ЭАУнун жана КВН оюндарынын мыкты салттарынын нугунда өткөрүлдү.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


В МНУ ОТКРЫЛИ НОВЫЙ ЦЕНТР НЕЗАВИСИМОГО ТЕСТИРОВАНИЯ

В Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) открыли новый Центр независимого тестирования. Названный центр разместили на новых учебных площадях, введённых в эксплуатацию к началу 2019-2020 учебного года. Центр обеспечили новым учебным инвентарем и современной компьютерной техникой. В центре будут проводиться тестирования знаний студентов МНУ в период сдачи модулей, экзаменационных сессий. Центр будет использоваться также для тестирования профессорско-преподавательского состава и сотрудников по результатам различных учебных семинаров, курсов и тренингов по повышению квалификации, переподготовки кадров вуза. В целом этот центр еще одна ступень в обеспечении прозрачности учебного процесса в МНУ.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУда ЖАҢЫ КӨЗ КАРАНДЫСЫХ ТЕСТИРЛӨӨ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) жаңы Көз карандысыз тестирлөө борбору ачылды. Аталган борбор 2019-2020-окуу жылында ишке киргизилген жаңы окуу аянттарында жайгаштырылды. Борбор жаңы эмеректер жана заманбап компьютердик техникалар менен жабдылган. Бул борбордо ЭАУнун студенттерин модулдарды, сессиялык сынактарды тапшыруу учурунда тестирлөөлөр жүргүзүлөт. Муну менен бирге, бул борбордо ЭАУнун профессор-окутуучулар курамын жана кызматкерлерин да квалификациясын жогорулатуу, кошумча даярдоо багытындагы окуу семинарларынын, курстарынын жана тренингдеринин жыйынтыктары боюнча тестирлөөлөр жүргүзүлмөкчү. Жалпысынан бул борбор окуу жараянынын тазалыгын, тунуктугун камсыздоо иш-аракеттериндеги дагы бир жакшы кадам.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


В МНУ ПРОВЕЛИ ИНТЕЛЛЕКТУАЛЬНОЕ МЕРОПРИЯТИЕ «ПУТЕШЕСТВИЕ В МИР МАТЕМАТИКИ»

11 ноября сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) состоялось интеллектуальное мероприятие «Путешествие в мир математики», организованное профессорско-преподавательским составом кафедры общеобразовательных дисциплин. По программе мероприятия были проведены презентации, конкурсы, викторины, игры на такие темы, как «Говорят цифры», «Битва математиков», «Интересные математические факты», «Задачи и ответы». Вместе с этим, конечно же, были шутки, песни и другие развлекательные номера по теме мероприятия, в т.ч. показ оригинальной моды. Хотим отметить, что мероприятие было очень занятным и интересным. Особо отличившиеся были отмечены призами.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУда “МАТЕМАТИКА ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ” АТТУУ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

Үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) чоң жыйындар залында “Математика дүйнөсүнө саякат” аттуу интеллектуалдык иш-чара жалпы билим берүүчү сабактар кафедрасынын профессор-окутуучулар курамы тарабынан өткөрүлдү. Иш-чаранын программасы боюнча “Сандар сүйлөйт”, “Математиктер салгылашы”, “Кызыктуу математикалык фактылар”, “Маселелер жана жооптор” темаларында көрсөтүүлөр, сынактар, оюндар, жарыштар сунушталды. Булар менен бирге, албетте, иш-чаранын темасында тамашалар, ырлар жана башка көңүл ачуучу номерлер болушту, анын ичинде оригиналдуу мода көрсөтүү болгонун да кошуп кетели. Аталган иш-чара жалпысынан абдан кызыктуу жана мазмундуу болгонун белгилейбиз. Өзгөчө айырмалангандар сыйлыктарга татыктуу болушту.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


ГОСТЕВАЯ ЛЕКЦИЯ СОТРУДНИКОВ МВД В МНУ

6 ноября сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) состоялась гостевая лекция сотрудников Управления внутренних дел Жалал-Абадской области и Отдела внутренних дел г. Жалал-Абад для студентов МНУ по направлению «Юриспруденция» и студентов Гуманитарно-экономического колледжа МНУ по специальности «Правоведение». Гостевая лекция была проведена на тему «Работа органов внутренних дел, охрана общественного порядка и борьба с преступностью». Гостевая лекция проводилась в рамках мероприятий, посвященных 95-летию Кыргызской милиции.  Лекторами выступили сотрудник отдела уголовного розыска Жалал-Абадского УВД, майор милиции С.Н. Нурдинов и участковый инспектор ГОМ ОВД г. Жалал-Абад, старший лейтенант милиции А.У. Аттокуров. Организаторами гостевой лекции выступили юридические кафедры университета. Гостевая лекция была очень интересной, содержательной и полезной в профессиональном плане для студентов МНУ. В ходе лекции были активно использованы фото-видео материалы и другие наглядности. Проведение таких совместных мероприятий с сотрудниками милиции в МНУ стали доброй традицией сотрудничества вуза и органов внутренних дел.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

Read More


МНУ принял активное участье в мероприятиях, Посвященных Дням Истории Памяти Предков

Как известно общественности, в Кыргызстане уже несколько лет официально отмечаются Дни истории и памяти предков — 7-8 ноября. 6 ноября сего года ректор, д.э.н., профессор С.А. Омурзаков, ряд руководителей подразделений и профессорско-преподавательский состав Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) приняли активное участие в торжественном собрании в честь 7-8 ноября – Дней истории и памяти предков в Кыргызской Республике, организованное Аппаратом полномочного представителя Правительства КР в Жалал-Абадской области и мэрией г. Жалал-Абад на площади «Эркиндик». Кафедра философии и естественнонаучных дисциплин МНУ выставила на площади стенды, посвященные историческим лицам, внесшие весомый личный вклад в становление государственности Кыргызской Республики. Ректорат вуза возложил цветы у памятной доски жертвам политических репрессий 1937-38 годов.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУ Тарых Жана Ата-Бабаларды Эскерүү Күнүнө арналган иш-чараларга активдүү катышты

Коомчулукка белгилүү болгондой, 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү катары Кыргызстанда бир нече жылдардан бери расмий түрдө белгиленип келишүүдө. К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) ректору, э.и.д., профессор С.А. Өмүрзаков жана башка жетекчилери, профессор-окутуучулар курамы үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында Жалал-Абад шаарынын “Эркиндик” аянтында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата уюштурулган салтанаттуу чогулушка катышып келишти. ЭАУнун философия жана табигый илимдер кафедрасы аталган салтанатта Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн түптөгөн тарыхый инсандарга арналган көрнөктөрдү даярдап берди. ЭАУ ректораты 1937-38-жылдардагы репрессиялардын курмандыктарына арналган эстелик тактасына гүлчамбар койду.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More