О НОВОГОДНИХ ПРАЗДНОВАНИЯХ В МНУ

24, 25, 26 декабря сего года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) прошла череда новогодних ёлок для воспитанников детского садика «Бэмби» МНУ, для учеников начальных классов Кыргызско-Турецкого лицея МНУ, а также для детей профессорско-преподавательского состава и сотрудников МНУ. На новогоднюю ёлку пришли Дед Мороз и Снегурочка, сказочные персонажи. Детям представили новогоднюю музыкальную сказку с участием сказочных персонажей, дети танцевали с Дедом Морозом и Снегурочкой, рассказывали Деду Морозу новогодние стишки, пели праздничные песни. Из мешка Деда Мороза, как из рога изобилия, сыпались новогодние подарки. Новогодние ёлки были организованы воспитателями детского сада «Бэмби», учителями Кыргызско-Турецкого лицея, членами Комитета по делам молодежи и дирекцией Культурно-эстетического центра МНУ. В целом новогодние ёлки прошли в лучших праздничных традициях. Дети и их родители остались очень довольными. Вечером 26 декабря в ресторане «Кристалл» был проведен новогодний вечер для студентов МНУ. Новогодний вечер начался с поздравлений ректора МНУ, д.э.н., профессора Сатыбалды Ашимовича Омурзакова. Далее было праздничное угощение, много танцев, шуточных конкурсов. Новогодних вечер удался, организаторы сделали все, чтобы вечер прошел на высоком уровне.  Поздравляем всех с Новым Годом!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУдагы ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК МАЙРАМДООЛОР ЖӨНҮНДӨ

Үстүбүздөгү жылдын 24, 25, 26-декабрь күндөрү К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) бир катар жаңы жылдык балаты майрамдары өткөрүлдү: ЭАУнун “Бэмби” бала бакачасынын балдары үчүн, ЭАУнун Кыргыз-Түрк лицейинин башталгыч класстарынын окуучулары үчүн жана ЭАУнун профессор-окутуучулар курамы менен кызматкерлеринин балдары үчүн. Жаңы жылдык балаты майрамына Аяз Ата менен Аяз Кыз чакырылып, алар менен бирге жомоктордун каармандары келишти. Балдарга жаңы жылдык музыкалдык жомок тартуууланып, балдар ойноп-күлүп, жаңы жылдык ырларды ырдап, айтып беришти. Аяз Атанын кабынан балдарга көптөгөн белектер берилип жатты. Бул ажайып балаты майрамдарын ЭАУнун “Бэмби” бала бакчасынын тарбиячылары, Кыргыз-Түрк лицейинин мугалимдери,  Жаштар иштери боюнча комитетинин мүчөлөрү жана ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору уюштурушкан. Жалпысынан жаңы жылдык балаты майрамдары жакшы уюштурулган. Балдар жана алардын ата-энелер абдан сүйүнүп, ыраазы болушту. 26-декабрдын кечки убактысында “Кристалл” ресторанында ЭАУнун студенттери үчүн жаңы жылдык кече өткөрүлгөн. Майрамдык кечени ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор С.А. Өмүрзаков ачып, куттуктоо сөздөрүн айтып, жаңы жылда ийгиликтерди каалап кетти. Андан кийин майрамдык татымалдар тартылып, студенттер бийлеп, бир катар тамаша оюн-сынактар уюштурулду. Жаңы жылдык кече абдан сонун болуп, катышуучуларынын купулуна толду. Баарыңыздарды жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


СТУДЕНТ МНУ ЗАНЯЛ ПРИЗОВЫЕ МЕСТА НА РЕСПУБЛИКАНСКОМ КУБКЕ ПО КАРАТЭ-ДО!

21-22 декабря сего года в Бишкеке был проведен открытый кубок Кыргыской Республики по каратэ-до SKIF, посвященный 100-летию видного государственного деятеля Кыргызской Республики Турдакуна Усубалиева. В названном кубке в возрастной категории 18-39 лет, в весовой категории 65 кг студент I курса дневного обучения по направлению «Юриспруденция» Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова (МНУ) Нурманов Алымбек выиграл 3 медали: 1 серебряную медаль в программе «командное кумитэ», 2 бронзовые медали в программах «кумитэ» и «ката». Желаем Нурманову Алымбеку новых спортивных побед!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУнун СТУДЕНТИ КАРАТЭ-ДО БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК МЕЛДЕШТЕ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРГА ЖЕТИШТИ!

Үстүбүздөгү жылдын 21-22-декабрында Бишкек шаарында спорттун каратэ-до SKIF түрү боюнча Кыргыз Республикасынын ачык кубогу өткөрүлгөн. Аталган мелдеш Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган. Бул кубокто К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) күндүзгү окуудагы “Юриспруденция” багыты боюнча 1-курс студенти Нурманов Алымбек 18-39 жаш категориясында, 65 кг салмагында 3 сыйлыкка татыктуу болду: 1 күмүш медаль — “командалык кумитэ” программасы боюнча; 2 коло медаль” – “кумитэ” жана “ката” программалары боюнча. Студентибиз Нурманов Алымбекке мындан ары да жогору деңгээлдерде спорттук ийгиликтерге жетишүүсүн каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

 

Read More


СТУДЕНТКИ МНУ ПОБЕДИТЕЛИ КОНКУРСА КРАСОТЫ «МИСС ЖАЛАЛ-АБАД-2019»!

В канун нового 2020 года в городе Жалал-Абад был проведен конкурс «Мисс Жалал-Абад-2019». Студентки Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) выиграли гран-при и III место в этом конкурсе красоты. Названный конкурс был нелегким, в конкурсе приняли участие лучшие красавицы Жалал-Абадской области. В остром соперничестве студентка Международного медицинского колледжа МНУ Кайратбек кызы Сауле выиграли гран-при! В этом же конкурсе III место заняла еще одна наша студентка  Гуманитарно-экономического колледжа Темиркулова Айгерим (сценическое имя Шахра). Их отличили красота и обаяние, уровень интеллекта, творческие способности, яркие сценические качества. Поздравляем наших студенток с победой в этом конкурсе и желаем им успехов в учебе, творчестве и  других начинаниях! Стоит добавить, что обладательница гран-при является дочерью преподавателя кафедры физической культуры и спорта МНУ Садыкова Кайратбека Эсенгелдиевича. Поздравляем и его с победой дочери!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУнун СТУДЕНТ КЫЗДАРЫ “ЖАЛАЛ-АБАД СУЛУУСУ-2019” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ!

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) студент кыздары жаңы жыл алдында өткөрүлгөн “Жалал-Абад сулуусу-2019” сулуулар сынагына катышып, натыйжада бири баш байгени утуп, бири III орунду ээледи. Жалал-Абад областынын канчалаган сулууларынын арасындагы татаал атаандаштыгында баш байге ЭАУнун Эл аралык медициналык колледжинин студенти Кайратбек кызы Саулеге ыйгарылып, III орун ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин студенти Темиркулова Айгеримге (сахналык аты Шахра) берилди. ЭАУнун студент кыздары бул сынакта сулуулугу жана жылдызы, интеллектинин деңгээли, чыгармачылык шыктары, мыкты сахналык сапаттары менен айырмалана алышты. Студент кыздарыбызды аталган сынактагы жеңиштери менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана окуусунда, чыгармачылыгында, башка жакшы баштоолорунда албан-албан ийгиликтерди каалайбыз! Баса, баш байгени алган студент кызыбыз биздин университетибиздин дене тарбия жана спорт кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген Кайратбек Эсенгелдиевич Садыков агайыбыздын кызы! Агайыбызды да кызынын жеңиши менен кутуктайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


СТУДЕНТЫ МНУ ЧЕМПИОНЫ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ!

Ура нашим студентам-спортсменам! Студент 2 курса Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова (МНУ) по направлению «Экономика», специализация «Финансы и кредит» (заочное обучение), мастер спорта по боевому самбо, кандидаты в мастера спорта по вольной борьбе Арыкбаев Алтын Сабирбекович в преддверии нового 2020 года стал чемпионом Кыргызской Республики по смешанным видам единоборства (в весовой категории 77 кг) в чемпионате, проведенном рядом спортивных организаций и объединений (ММА, WEF Global, RFCH). Желаем нашему студенту новых побед, новых успехов на международном уровне! И еще одно хорошее дополнение: студентка I курса (на базе 9 кл. образования) Гуманитарно-экономического колледжа МНУ по специальности «Преподавание в начальных классах» Курстанбек кызы Феруза в преддверии нового года заняла II место на чемпионате  Кыргызской Республики по борьбе на поясах «Алыш» среди кадеток и кадетов в весовой категории +70 кг. Как мы уже сообщали, I место в названном чемпионате заняла также наша студентка Досалиева Нурзат. Желаем Ферузе и Нурзат новых побед на международном уровне!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУнун СТУДЕНТТЕРИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЧЕМПИОНДОРУ!

Баракелде! К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) “Экономика” багыты, “Финансы жана кредит”адистешүүсү боюнча сырттан окуудагы 2-курс студенти, самбо боюнча спорт чебери, эркин күрөш боюнча спорт чеберине кандидат Арыкбаев Алтын Сабирбекович жаңы жыл алдында күрөштүн аралаш согуш өнөрлөрү түрү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону болду (77 кг салмагында). Аталган чемпионат бир катар спорттук уюдар жана бирикмелер тарабынан өткөрүлгөн: ММА, WEF Global, RFCH. Биздин студентибизге мындан ары эл аралык деңгээлдеги мелдештерде жаңы ийгиликтерди каалайбыз! Дагы бир кошумча жакшы кабар: ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Башталгыч класстарда окутуу” адистиги боюнча 1-курс (9 кл. билими негизинде) студенти Курстанбек кызы Феруза “Алыш” күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында +70 кг салмагында II орунду ээледи. Буга чейин айтканыбыздай, I орунду ушул эле колледждин студенти Досалиева Нурзат ээлеген. Феруза менен Нурзатка да мындан ары эл аралык деңгээлдеги мелдештерде жаңы ийгиликтерди каалайбыз!

 ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


СТУДЕНТКА МНУ СТАЛА ЧЕМПИОНКОЙ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ПО БОРЬБЕ НА ПОЯСАХ «АЛЫШ»

Ура! Студентка I курса (на базе 9 классов образования) по специальности «Правоведение» Гуманитарно-экономического колледжа Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова (МНУ) Досалиева Нурзат 7 декабря сего года заняла I место на чемпионате Кыргызской Республики по борьбе на поясах «Алыш» среди кадеток в весовой категории +70 кг! Желаем Досалиевой Нурзат новых побед в спорте! Молодец!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУнун СТУДЕНТИ “АЛЫШ” КҮРӨШҮ БОЮНЧА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЧЕМПИОНУ БОЛДУ!

Баракелде! К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Укук таануу” адистиги боюнча I курсунун (9 класс билими негизинде) студенти Досалиева Нурзат үстүбүздөгү жылдын 7-декабрында кадет кыздар арасындагы Кыргыз Республикасынын “Алыш” күрөшү боюнча +70 кг салмагында I орунду ээледи! Азамат кызыбыз Досалиева Нурзатка спорт жаатында мындан ары да албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


О СПОРТИВНЫХ УСПЕХАХ СТУДЕНТОВ МНУ В РОССИЙСКОЙ ФЕДЕРАЦИИ

Студент 2 курса по направлению «Юриспруденция» Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) Абдыманапов Залкарбек Равшанбекович 29 ноября сего года занял I место  по борьбе на поясах в весовой категории до 80 кг на XIV Фестивале традиционных видов борьбы народов России в г. Москва. До этого, т.е.14 сентября сего года, он также занял I место по борьбе на поясах на Спартакиаде землячеств и национально-культурных объединений в г. Москва Российской Федерации. Желаем Залкарбеку новых высоких спортивных успехов! Так держать!

Служба по профриентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУ СТУДЕНТТЕРИНИН РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНДАГЫ СПОРТТУК ИЙГИЛИКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ

Үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) “Юриспруденция” багыты боюнча 2-курс студенти Абдыманапов Залкарбек Равшанбекович Москва шаарында өткөрүлгөн XIV Россия элдеринин салттуу күрөш түрлөрү боюнча фестивалында 80 кг чейинки салмакта I ээледи. Бул жигит буга чейин да, т.а. ушул эле жылдын 14-сентябрында, Москва шаарында Россия Федерациясынын жердешчиликтеринин жана улуттук-маданий бирикмелеринин спартакиадасында I орунду алууга жетишкен. Азамат жигитибиз Залкарбекке мындан ары да спорт жаатында албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More