Ментальная арифметика — это форма вычисления, основанная на системе устного счета, которая производится благодаря возможностям разума. Другими словами, математические вычисления выполняются в уме, без использования компьютера, калькулятора, бумаги. Освоив ментальную арифметику, ребенок сможет производить в уме любые вычисления за долю секунды.

23 февраля сего года в г. Ош была проведена Общереспубликанская олимпиада по ментальной арифметике, в которой со всех регионов Кыргызской Республики приняли участие 217 школьников. В названной олимпиаде приняли участие и ученики начальных классов Международного Кыргызско-Турецкого лицея Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад). В условиях острой конкуренции ученик 4 класса лицея МНУ Кадыров Нурсултан занял III место среди 9-10-летних участников. Необходимо напомнить, что ученик этого же лицея Садыков Амантур в 2018-2019 гг. занял I место на республиканской и международной олимпиадах (Казахстан, г. Алматы) по ментальной арифметике. Желаем дирекции и ученикам Международного Кыргызско-Турецкого лицея МНУ новых успехов на республиканском и международном уровнях! Наши лучшие поздравления и пожелания Кадырову Нурсултану: Поздравляем, желаем новых успехов, новых побед! Стоит отметить, что родители Нурсултана являются сотрудниками МНУ: отец к.э.н., доцент Кадыров Толкунбек Акбаралиевич, мать к.э.н., доцент Пулатова Гульнара Тулановна.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУнун ЛИЦЕЙИНИН ОКУУЧУСУ МЕНТАЛДЫК АРИФМЕТИКА БОЮНЧА ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНГА ЖЕТИШТИ!

Менталдык арифметика — оозеки эсеп тутумуна негизделген эсептөөнүн бир түрү, ал эсептөө акыл-эстин кеңири мүмкүнчүлүктөрүнө таянат. Башкача айтканда, математикалык эсептөөлөр компьютерсиз, калькуляторсуз, кагазда эмес, көңүлдө эсептелет. Менталдык арифметиканы өздөштүргөн балдар көз ирмемде ар кандай эсептөөлөрдү оюнда жүргүзө алышат.

Үстүбүздөгү жылдын 23-февралында Ош шаарында менталдык арифметика боюнча жалпы республикалык олимпиада өткөрүлдү, ага Кыргыз Республикасынын аймактарынан 217 мектеп окуучусу катышкан. Алардын катарында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин башталгыч класстарынын окуучулары да болгон. Курч атаандаштык шарттарында ЭАУнун лицейинин 4-класстагы окуучусу Кадыров Нурсултан 9-10 жаштагылар арасында III орунга жетишти. Эске сала кетели, ушул эле лицейдин окуучусу Садыков Амантур 2018-2019-жылдары менталдык арифметика боюнча республикалык жана эл аралык олимпиадаларда (Казакстан, Алматы ш.) I орундарга жетишкен. ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин дирекциясына, окуучуларына республикалык жана эл аралык деңгээлдерде жаңы албан-албан ийгиликтерди каалайбыз! Өзгөчө куттуктоолор жана каалоо-тилектер Кадыров Нурсултанга: Чын жүрөктөн куттуктайбыз, мындан ары да бийик ийгиликтерге жетиш! Өзгөчө белгилеп кетиш керек, Нурсултандын ата-энеси ЭАУнун кызматкерлери: атасы э.и.к., доцент Кадыров Толкунбек Акбаралиевич, апасы э.и.к., доцент Пулатова Гүлнара Тулановна.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


В Международном Кыргызско-Турецком лицее Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) ученики начальных классов провели праздничное мероприятие в честь 23 февраля – Дня защитника Отечества. В ходе праздничного мероприятия ученики лицея представили концертные номера, провели конкурс «А ну-ка, мальчики». Мероприятие прошло в лучших традициях этого праздника, было очень весело и интересно. Праздник удался!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУнун ЭЛ АРАЛЫК КЫРГЫЗ-ТҮРК ЛИЦЕЙИНДЕ 23-ФЕВРАЛЬ – МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАР КҮНҮН МАЙРАМДАШТЫ!

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин башталгыч класстарынын окуучулары 23-февраль – Мекенди коргоочулар күнүн майрамдык түрдө белгилешти. Аталган майрамдык иш-чарада башталгыч класстардын окуучулары концерттик номерлерди тартуулап, “Кана, эмесе, балдар” сынагын да өткөрүштү. Майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлүп, бардыгы абадн кызыктуу жана шаңдуу болду. Майрамдык иш-чара бардыгына жакты!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


21 февраля – Международный день родного языка. Отмечается согласно решению 30-й сессии Генеральной конференции ЮНЕСКО с 2000 года с целью защиты языкового и культурного многообразия. В канун этого дня, 20 февраля сего года, в Центральной библиотеке Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) профессорско-преподавательский состав кафедры философии и естественнонаучных дисциплин провел встречу студентов МНУ с деятелями науки, искусства и культуры. На встречу были приглашены сказитель кыргызских эпосов “Манас”, “Курманбек” Маатов Алимбай, поэт, собиратель кыргызского фольклора Жусупбеков Асанбай, журналист и писательница Абдилатипова Мубара, детский поэт Жумалиева Максуда. Вместе с этим, в читальном зале Центральной библиотеки МНУ была устроена выставка литературы, посвященной кыргызскому языку и кыргызской литературе, фольклору и культуре, а также отдельных исторических экспонатов. Названная встреча была очень интересной и полезной в отношении своей тематики и посвященности.

Служба по профориентации и связям с общественностью МНУ


21-ФЕВРАЛЬ – ЭНЕ ТИЛДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ!

Коомчулукка белгилүү болгондой, 21-февраль — Эне тилдин эл аралык күнү катары 2000-жылдан бери ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясынын 30-сессиясынын чечимине ылайык белгиленип келүүдө. Бул күндү белгилөөнүн башкы максаты – тилдик жана маданий көп түрдүүлүктү коргоо. Ушул маанилүү күндү утурлап, К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Борбордук китепканасында үстүбүздөгү жылдын 20-февралында философия жана табигый илимдер кафедрасынын профессор-окутуучулар курамы ЭАУ студенттеринин  илим, искусство жана маданият ишмерлери менен жолугушуусун уюштурушту. Жолугушууга “Манас”, “Курманбек” дастандарын айтуучу Маатов Алимбай, акын жана кыргыз фольклорчусу Жусупбеков Асанбай, журналист жана жазуучу Абдилатипова Мубара, балдар акыны Жумалиева Максуда чакырылышкан. Муну менен бирге, ЭАУнун Борбордук китепканасынын окурмандар залында кыргыз тилине жана адабиятына, фольклоруна жана маданиятына арналган адабияттын, айрым тарыхый экспонаттардын көргөзмөсү уюштурулган. Аталган иш-чара жалпысынан тематикасы, арналуусу боюнча кызыктуу жана мазмундуу болуп, катышуучуларынын купула толду.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


Студентка I курса по специальности “Правоведение” Гуманитарно-экономического колледжа Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) Досалиева Нурзат вновь стала призером соревнования по борьбе на поясах «Алыш». В этот раз она заняла III место на открытом кубке Кыргызской Республики по борьбе на поясах “Алыш” памяти общественного деятеля Кадыркулова Урматбека, весовая категория 70+ кг. В названном открытом кубке, кроме спортсменов Кыргызстана, приняли участие спортсмены Казахстана, Таджикистана и Узбекистана, всего 110 спортсменов. Открытый кубок проводился 14-15 февраля сего года в селе Ак-Жар Кочкорского района Нарынской области. Конкуренция была очень серьезной. Как вам известно, Досалиева Нурзат и до этого не раз становилась призером ряда соревнований по названному виду спорта. Пожелаем Нурзат новых успехов, новых спортивных побед!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУнун СТУДЕНТ КЫЗДАРЫНЫН ЖАҢЫ ИЙГИЛИКТЕРИ ТУУРАЛУУ

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Укук таануу” адистиги боюнча 1-курсунун студенти Досалиева Нурзат алыш күрөшү боюнча мелдеште дагы бир ирет ийгиликке жетишти. Бул ирет ал коомдук ишмер Кадыркулов Урматбектин элесине арналган Кыргыз Республикасынын алыш күрөшү боюнча ачык кубогунда III орунду ээледи. Мелдеш Нарын областынын Кочкор районунун Ак-Жар айылында үстүбүздөгү жылдын 14-15-февраль күндөрү өткөрүлгөн. Бул мелдешке Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан 110 спортсмен катышып, мелдеш курч атаандаштыкта өттү. Сиздерге белгилүү болгондой, Досалиева Нурзат буга чейин да бир катар мелдештерде байгелүү орундарга жетишип келген. Нурзатка спорт жаатында жаңы албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


14 февраля сего года в фойе главного корпуса Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) состоялась книжная ярмарка в рамках Международного дня дарения книг – 14 февраля. Книжная ярмарка была организована студентами-активистами Международного Кыргызско-Турецкого института МНУ Каратаевым Чынгызом и Уркунбаевым Нуртилеком. Ассортимент книг был довольно широким. В целом была представлена возможность ознакомиться и приобрести книги по таким отраслям, как экономика, бизнес, педагогика, философия, психология, художественная литература, детская литература и т.д. В этот день было успешно реализовано довольно много книг. В эпоху доминирования различных электронных гаджетов такие акции очень нужны. Книги все еще очень важны для нас.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУда КИТЕПТЕР ЖАРМАНКЕСИ БОЛУП ӨТТҮ

Үстүбүздөгү жылдын 14-февралында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) башкы имаратынынын фойесинде 14-февраль-Китептерди белекке тартуулоонун эл аралык күнү алкагында китептер жарманкеси ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун активист-студенттери Каратаев Чыңгыз жана Үркүнбаев Нуртилек тарабынан уюштурулду. Жарманкеде сунушталган китептер бир топ тармактарга тиешелүү, алар экономика, ишкердик, педагогика, философия, психология, көркөм адабият, балдар адабияты ж.у.с. тармактар. Бул күнү студенттер жана агай-эжекелер тарабынан көптөгөн китептер сатып алынды. Ар кандай электрондук гаджеттер өкүм сүргөн доордо мындай акциялар абдан керек, анткени китеп окуу дагы биз үчүн абдан маанилүү нерселерден болуш керек.

ЭАУнун Кесиптик билим берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


В феврале сего года ректорат Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) приобрел новые медицинские муляжи на сумму 607 тысяч сомов, которые необходимы для качественной организации процесса обучения студентов Международного медицинского колледжа МНУ, а именно:

— стимулятор родов роженица «Люси» с манекеном новорожденного для практической организации учебного процесса по дисциплине «Акушерство и гинекология»;

— тренажер-манекен для практической организации учебного процесса по дисциплине «Основы сестринского дела»;

— модели для обучения ухода за ребенком для практической организации учебного процесса по дисциплине «Педиатрия»;

— тренажеры для постановки клизм и внутримышечных инъекций для практической организации учебного процесса по ряду клинических дисциплин;

— тренажеры для ведения внутренних инъекций также для практической организации учебного процесса по ряду клинических дисциплин.

         Кроме этого, выделены денежные средства для приобретения дополнительных компьютеров и сопутствующей техники для электронной библиотеки названного медицинского колледжа МНУ. В электронной библиотеке более десяти тысяч наименований медицинских учебников.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


 ЭАУ ӨЗҮНҮН ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗАСЫН ЧЫҢДООДО

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) ректораты 607 миң сомго жаңы медициналык куурчактарды жана жабдыктарды сатып алды. Бул жабдыктар ЭАУнун курамындагы Эл аралык медициналык колледжинин окуу жараянын заманбап талаптарына ылайык уюштуруу үчүн сатып алынды, тизмесин тактасак:

— төрөттү стимулдаштыруучу “Люси” аттуу куурчак наристе куурчагы менен – “Акушердик иш жана гинекология” сабагы боюнча практикалык окуу жараянын уюштуруу үчүн;

— машыктыруучу куурчак — “Медициналык айым ишинин негиздери” сабагы боюнча практикалык окуу жараянын уюштуруу үчүн;

— наристелерди кароо үйрөткөн куурчак — “Педиатрия” сабагы боюнча практикалык окуу жараянын уюштуруу үчүн;

— клизма менен денеге ийне саюу жана дарыларды куюу боюнча машыктыруучу куурчак – бир катар клиникалык сабактар боюнча практикалык окуу жараянын уюштуруу үчүн;

— ички органдарга дарыларды куюу боюнча машыктыруучу жабдык — бир катар клиникалык сабактар боюнча практикалык окуу жараянын уюштуруу үчүн.

         Мындан сырткары, аталган колледждин электронду китепканасына кошумча компьютердик жабдыктарга акча каражаттары бөлүндү. Айтылган китепкана медициналык сабактар боюнча 10 миң аталыштагы китептерди камтыйт

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


В МНУ ПРОВЕЛИ ЛЕКЦИЮ НА ТЕМУ “НАРКОТИЧЕСКИЕ СРЕДСТВА И ИХ ВРЕД, ПРОПАГАНДА СПОРТИВНОГО И ЗДОРОВОГО ОБРАЗА ЖИЗНИ”

13 февраля сего года в Большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) директор Специализированного учебного центра Государственной Таможенной службы, подполковник таможенной службы Джээнбеков Нурбек Бекенович провел лекцию на тему “Наркотические средства и их вред, пропаганда спортивного и здорового образа жизни”. В названной лекции приняли участие 250 студентов МНУ. Лекция сопровождалась видеоматериалами по теме. По мнению участников лекция была очень интересной, насыщенной и полезной в плане привлечения к здоровому образу жизни, презентация темы и подача информации отличались инновационностью.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУда “БАҢГИЗАТТАР ЖАНА АЛАРДЫН ЗЫЯНЫ, СПОРТТУ ЖАНА СЕРГЕК ЖАШОО ЫҢГАЙЫН ҮГҮТТӨӨ” ТЕМАСЫНДА ЛЕКЦИЯ БОЛУП ӨТТҮ

 Үстүбүздөгү жылдын 13-февралында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) Чоң жыйындар залында Мамлекеттик Бажы кызматынын Адистештирилген окуу борборунун директору, бажы кызматынын подполковниги Жээнбеков Нурбек Бекенович “Баңгизаттар жана алардын зыяны, спортту жана сергек жашоо ыңгайын үгүттөө” темасында лекция өткөрдү. Аталган темадагы лекцияга ЭАУнун 250 студенти катышты. Лекция атайын видео көрсөтүүлөр менен коштолду. Студенттердин ою боюнча лекция абдан кызыктуу, мазмундуу жана сергек жашоо ыңгайын үгүттөө маселесинде өтө пайдалуу болду. Муну менен бирге, тема боюнча маалыматтарды сунуштоо жана жеткирүү инновациялык жактан өзгөчөлөндү.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


12 февраля сего года Международный университет им. К.Ш. Токтомаматова (МНУ) посетил консул Посольства Республики Узбекистан в Кыргызской Республике Н.А. Амонов в сопровождении атташе Министерства иностранных дел Кыргызской Республики по южному региону А.А. Жунусова.   Консул и атташе провели большом актовом зале университета встречу со студентами МНУ и их родителями, которые являются гражданами Республики Узбекистан. На встрече были обсуждены вопросы перевода из вузов Кыргызстана в вузы Узбекистана. Аналогичные встречи были проведены в других вузах южного региона.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


К.Ш. ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТКЕ ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛЧИЛИГИНИН КОНСУЛУ КЕЛИП КЕТТИ

Үстүбүздөгү жылдын 12-февралында К.Ш. Токтомаматов атындагы университетке (ЭАУ) Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин консулу Н.А. Амонов келип кетти, аны Кыргыз Республикакасынын Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча атташеси А.А. Жунусов коштоп жүрдү. Консул жана атташе окуу жайдын чоң жыйындар залында ЭАУда билим алган өзбекстандык студенттер жана алардын ата-энелери менен жолугушуу уюштурушту. Жолугушууда өзбекстандык студенттердин Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан Өзбекстандын жогорку окуу жайларына которулуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Ушундай эле жолугушуулар түштүк аймагындагы башка жогорку окуу жайларда өткөрүлдү.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


Үстүбүздөгү жылдын 1-февраль К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында өткөрүлгөн спартакиада ийгиликтүү аяктады. Спартакиадага окуу жайдын структуралык бөлүмдөрүнөн 5 курама команда катышып, волейбол, баскетбол, мини футбол, стол тенниси, чатыраш, комбинацияланган эстафета, гиря көтөрүү, бильярд, аркан тартышуу боюнча мелдештер абдан кызуу өттү. Оюнчулар да, күйөрмандар да спорт залдан чыкпай, эч бир оюнду өткөрбөй, спорт майрамын көңүлдөгүдөй өткөрүштү. Спартакиада оюндарында ЭАУнун агай-эжекелери спорттук оюндарда черин жазып, командалык оюндарда жамааттык ынтымагын чыңдашты. Спартакиаданын соңунда жыйынтыктар чыгарылып, мыкты командалар, мыкты оюнчулар, мыкты күйөрмандар кубоктор, дипломдор, грамоталар, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Сыйлыктарды берүүдө ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор С.А.Өмүрзаков спартакиада боюнча жакшы жыйынтыктарды чыгарып, сергек жашоо ыңгайына үгүттөп, оюндарга активдүү катышкан жетекчилерди, агай-эжекелерди жана кызматкерлерди өзгөчө белгилеп, мактоо сөздөрүн айтты. Бул жолку спартакиада да университет ачылгандан бери келе жаткан жакшы салттардын нугунда, майрамдык маанайда өткөндүгүн баса белгилейбиз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


Үстүбүздөгү жылдын 28-январында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында өткөрүлүүчү спартакиаданын салтанаттуу ачылышы болду. Спартакиадага окуу жайдын структуралык бөлүмдөрүнөн 5 команда катышууда; алар:
1) Ректорат жана административдик бөлүмдөрдүн курама командасы;
2) Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун курама командасы;
3) ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун жана Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин курама командасы;
4) ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин курама командасы;
5) ЭАУнун Эл аралык Медициналык колледжинин курама командасы.
Спартакиада спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлмөкчү: волейбол, баскетбол, мини футбол, стол тенниси, чатыраш, комбинацияланган эстафета, гиря көтөрүү, бильярд, аркан тартыш.

ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор С.А. Өмүрзаков спартакиаданын ачылышында университеттин жамаатына жаңы спорттук ийгиликтерди каалап, бардыгын спорт аркылуу сергек жашоо ыңгайына үгүттөдү. Аталган спартакиаданын мелдештери университет ачылгандан бери, т.а. 1993-жылдан бери, салттуу түрдө өткөрүлүп келет. Оюнчулар да, күйөрмандар да спорт залдан чыкпай, эч бир оюнду өткөрбөй, спорт майрамын көңүлдөгүдөй өткөрүшөт. Бир нече күн жүргөн спартакиада оюндарында ЭАУнун агай-эжекелери спорттук оюндарда черин жазып, командалык оюндарда жамааттык ынтымагын чыңдашат.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More