Урматтуу мекендештер!

       Бардыгыңыздарды 23-февраль – Мекенди коргоочулар күнү менен К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетттин профессор-окутуучулар курамы жана студенттери атынан чын жүрөктөн куттуктайм! Мекенди коргоо – ыйык милдет! Өлкөбүздүн ар бир жараны эгемендүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сакташы керек! Мекенибизди коргоо кызматында кызмат кылган Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн азамат аскерлерине, мекенин коргоого даяр турган азамат жигиттерибизге күч-кубат! Эгемендүү Кыргызстаныбыздын туусу бийик желбиресин!

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетттин ректору, э.и.д., профессор, РМА академиги С.А. Өмүрзаков


Уважаемые соотечественники!

         От имени профессорско-преподавательского состава и студентов Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова поздравляю всех соотечественников с Днем защитника отечества – 23-февраля! Защита Родины – святой долг каждого ее гражданина! Как зеницу ока надо беречь независимость нашей страны! Желаем здоровья, силы и несгибаемой воли тем, кто служит в рядах Вооруженных Сил Кыргызской Республики и тем, кто всегда готов к защите рубежей Отечества! Пусть всегда высоко реет знамя свободного Кыргызстана!

Ректор Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова,

д.э.н., профессор, академик РАМ С.А. Омурзаков

Read More


О НАУЧНОЙ СЕССИИ ВЫСШЕЙ ШКОЛЫ МАГИСТРАТУРЫ МНУ

11 февраля сего года в Высшей школе магистратуры Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) состоялась научная сессия магистрантов по направлениям «Экономика», «Менеджмент» и «Юриспруденция». Названная сессия проходила в гибридном варианте, т.е. в сочетании онлайн и офлайн участий. На открытии научной сессии присутствовали такие гости и партнёры МНУ, как доктор технических наук, профессор Российского Университета Дружбы Народов Александр Егорович Воробьев, представитель Грозненского Государственного Технического университета Марета Зайнидиевна Мадаева, заведующий кафедрой гражданского права и адвокатуры Жалал-Абадского государственного университета им. Б. Осмонова, кандидат юридических наук, доцент Нурлис Каныбекович Нарматов и др. В ходе научной сессии особо отличились такие магистранты, как Зарнигор Хамрабаева, Мээрим Асанбекова, Эрлан Молдомиров, Данияр Намазов. Статьи научной сессии участвуют в конкурсе статей, магистранты-победители и их научные руководители будут удостоены денежных премий, а также лучшие статьи будут опубликованы в научно-популярном журнале вуза «Вестник Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова». Желаем успехов магистрантам МНУ!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУ МАГИСТРАТУРАСЫНЫН ЖОГОРКУ МЕКТЕБИНДЕГИ ИЛИМИЙ СЕССИЯ ЖӨНҮНДӨ

Үстүбүздөгү жылдын 11-февралында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) Магистратурасынын жогорку мектебинде “Экономика”, “Менеджмент” жана “Юриспруденция” багыттары боюнча магистрлеринин илимий сессиясы өткөрүлдү. Аталган сессияга ЭАУнун коноктору жана шериктештери катышты, алар: Россия Элдер Достугу Университетинин профессору, техникалык илимдердин доктору Александр Егорович Воробьев, Грозный Мамлекеттик университетинин өкүлү Марета Зайнидиевна Мадаева, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин кандидаты, доцент Нурлис Каныбекович Нарматов ж.б. Илимий сессиянын жүрүшүндө Зарнигор Хамрабаева, Мээрим Асанбекова, Эрлан Молдомиров, Данияр Намазов аттуу магистранттар өзгөчө айырмаланышты. Эскертип кетсек, илимий сессияга катышкандардын макалалары арасында сынак өткөрүлөт. Сынактын жыйынтыктары боюнча мыкты магистранттар жана алардын илимий жетекчилери акчалай сыйлыктар менен сыйланышат, эң жакшы макалалар “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” илимий-популярдуу журналында басылып чыгарылат. ЭАУ магистранттарына ийгиликтерди каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


ОБ УСПЕХАХ ПРОФЕССОРСКО-ПРЕПОДАВАТЕЛЬСКОГО СОСТАВА МНУ!

Ошский Государственный университет 10 февраля 2021 года в память бывшего министра образования и науки Кыргызской Республики, экс-ректора ОшГУ, видного педагога и управленца провел конкурс учебно-научно-методических трудов среди профессорско-преподавательского состава высших и средних профессиональных учебных заведений. В названном конкурсе в номинации «Лучшая научная монография» дипломом II степени был награжден директор Института непрерывного открытого образования Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова (МНУ) кандидат исторических наук, профессорЖенишбек Аматисакович Дуйшеев в качестве автора монографии на кыргызском языке «Тарыхчы Кушбек Үсөнбаев» («Историк Кушбек Усонбаев»). Желаем Женишбеку Аматисаковичу новых успехов в научно-педагогической деятельности! Мы гордимся нашими успехами!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУ ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫНЫН ИЙГИЛИКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ!

Ош Мамлекеттик университети 2021-жылдын 10-февралында мурдагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, ОшМУнун экс-ректору, чыгаан педагог, мыкты жетекчи, профессор Каныбек Абдуваситович Исаковдун жаркын элесине арнап Кыргызстандын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын профессор-окутуучулар курамы арасында окуу-илимий-усулдук эмгектер сынагын өткөргөн. Аталган сынактын “Мыкты илимий монография” номинациясында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Жеңишбек Аматисакович Дүйшеевдин “Тарыхчы Кушбек Үсөнбаев” монографиясы II даражадагы диплом менен сыйланды. Жеңишбек Аматисаковичти аталган ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана илимий-педагогикалык ишмердигинде албан-албан ийгиликтерди каалайбыз! Биз бул ийгилигибиз менен сыймыктанабыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


О СПОРТИВНЫХ УСПЕХАХ СТУДЕНТОВ МНУ! 

29 января 2021 года, в первый день чемпионата Кыргызской Республики по вольной борьбе было разыграно 5 комплектов медалей в весовых категориях 57 кг, 65 кг, 74 кг, 86 кг, 97 кг. В названном чемпионате принял участие и студент 3 курса по направлению “Юриспруденция” Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова (МНУ) Адылбек уулу Усон. В результате напряженных поединков студент МНУ занял почетное III место! Желаем студенту МНУ Адылбек уулу Усону новых высоких побед, в том числе на чемпионате мира!

Служба по профориентационной работеи связям с общественностью МНУ


ЭАУнун СПОРТСМЕНДЕРИНИН ИЙГИЛИКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ!

2021-жылдын 29-январында Бишкек шаарында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча чемпионатынын биринчи күнүндө 57 кг, 65 кг, 74 кг, 86 кг, 97 кг салмактары боюнча мелдештерде 5 комплект медаль ойнотулган. Аталган чемпионатка К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) “Юриспруденция” багыты боюнча 3-курс студенти Адылбек уулу Үсөн катышып, 97 кг салмагындагы мелдеште III ардактуу орунду ээлеген! ЭАУ студенти Адылбек уулу Үсөнгө мындан аркы мелдештерде албан-албан ийгиликтерди каалайбыз! Дүйнө чемпиону наамына татыктуу болсун!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More