3-МАРТ – КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ!

Коомчулукка маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. Мекенди сүйүү мамлекеттин атрибуттары болгон туу, герб, гимнди сүйүүдөн жана сыйлоодон башталат. 3 –март Мамлекеттик Тууну кабыл алган күн өлкөнүн баардык аймактарында белгиленет.
Салтка ылайык 2021-жылдын 3-мартында, саат 8.00 до Жалал-Абад шаарынын “Эркиндик” аянтында Мамлекеттик туу күнүнө арналган жыйын өткөрүлүп, борбордук аянттагы асабада салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын туусу көтөрүлдү. Аталган жыйында Жалал-Абад областынын, Жалал-Абад шаарынын жетекчилиги элге куттуктоолору менен кайрылышты. Бул жыйынга К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректораты да катышты. Майрамыңыздар менен, мекендештер!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы


3 МАРТА – ДЕНЬ ГОСУДАРСТВЕННОГО ФЛАГА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ!

Как известно общественности, 3 марта 1992 года постановлением Жогорку Кенеша Кыргызской Республики был утвержден флаг страны. Патриотизм начинается с любви и уважения к флагу, гербу и гимну страны. День Государственного флага Кыргызской Республики торжественно отмечается по всему Кыргызстану. Согласно традиции 3 марта 2021 года в 8.00 часов на главной площади г. Жалал-Абад «Эркиндик» («Свобода») состоялось торжественное собрание в честь Дня Государственного флага. Руководство Жалал-Абадской области и города Жалал-Абадторжественно подняли флаг страны и поздравили соотечественников с этим знаменательным днем. В названном торжестве принял участие и ректорат Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова. С праздников Вас, дорогие соотечественники!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

209 View