Кадырлуу энелер, урматтуу эжекелер, кымбаттуу курбулар жана студент кыздар!
Умай эне – адамзаттын энеси,
Аялзатта – сулуулуктун келбети.
Болгон үчүн аялзаты – энелер,
Гүлдөп турат, көркөмдөнүп жер бети!
Сиздерди 8-март – Аялдардын Эл аралык күнү менен чын жүрөктөн өзүмдүн жана К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жамааты атынан куттуктайм! Сиздерге көөнөрбөс сулуулук, түбөлүк аруулук, чексиз бакыт-таалай, жакындарыңыздын түгөнбөс мээримин каалайм! Майрамыңыздар менен!
К.Ш. Токтомаматов атындагы
Эл аралык университеттин ректору ,
э.и.д., профессор А.А. Мамасыдыков