Баткен согушунун аяктаганына 17 жыл!

Үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Жалал-Абад шаарынын Жеңиш эс алуу багында Баткен согушунун (1999-2000-жж.) аяктаганынын 17 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чара Жалал-Абад областтык жана шаардык бириккен Баткен согушунун ардагерлер кеңеши тарабынан уюшулган. Эскерүү иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн апппарратынынын, Жалал-Абад шаардык мэриясынын өкүлдөрү менен бирге Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттен ректор, э.и.д., профессор А.А. Мамасыдыков жана окуудан сырткары иштер, мамлекеттик тил жана коомчулук менен байланыштар боюнча проректор, филол.и.к., доцент А.С. Жолдошбаев катышып, Баткен согушунда курман болгондордун эстелигине гүлчамбар коюшту.

ЭИУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

17 ЛЕТ СО ДНЯ ОКОНЧАНИЯ БАТКЕНСКОЙ ВОЙНЫ!

26-октября сего года в парке Победы города Жалал-Абад состоялось памятное мероприятие в честь 17-летия со дня окончания Баткенской войны (1999-2000 гг.). Мероприятие было организовано Жалал-Абадским областным и городским объединенным советом ветеранов Баткенской войны. В памятном мероприятии вместе с представителями аппарата Полномочного представителя Правительства Кыргызской Республики в Жалал-Абадской области и мэрии города Жалал-Абад приняли участие и  возложили венок у памятника погибшим в Баткенской войне ректор Международного университета в городе Жалал-Абад, д.э.н., профессор А.А. Мамасыдыков и проректор по внеучебной работе, государственному языку и связям с общественностью МНУ, к.филол.н., доцент А.С. Жолдошбаев.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

 

 

245 View