ЭАУ окутуучулары жана студенттери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнүн жана Ак калпак күнүн салтанаттуу белгилөөгө активдүү катышышты!

Үстүбүздөгү жылдын 3-март күнү областыбыздын борбору Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү жана Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди. Аталган майрамдарга арналып шаар боюнча жогорку окуу жайлардын жамааттары, студенттери жөө жүрүш уюштурушту. Жөө жүрүш майрамдык маанайда болуп, жүрүштүн катышуучулары Кыргыз Республикасынын тууларын, транспаранттарды көтөрүп, баштарына ак калпак кийип, шаардын көчөлөрү боюнча ынтымактуу жана шаңдуу колонналарда басып өтүштү. Жөө жүрүш шаардын борбордук “Эркиндик” аянтына чейин болуп, ал жерде саат 10.00 до Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу салтанаттуу түрдө көтөрүлүп, область жана шаар жетекчилиги элди куттукташты. К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) жамааты жана студенттери да майрамдык иш-чараларга активдүү катышышты. ЭАУнун колоннасын университеттин ректору, э.и.д., профессор, С.А. Өмүрзаков баштап келди. ЭАУ студенттери жогоруда аталган майрамдарга жыл сайын жогорку мекенчилдик дем менен активдүү катыша тургандыгын баса белгилеп кетели. Бул ирет да, нөшөр болгонуна карабастан, агай-эжекелерибиз жана студенттерибиз мекенчилдигин жана активдүүлүгүн көрсөтүштү.

Жалпысынан майрамдык иш-чаралар абдан кызыктуу жана шаңдуу маанайда өттү. Майрамыңыздар менен, мекендештер!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Преподавали и студенты МНУ приняли активное участие в торжествах в честь Дня государственного флага Кыргызской Республики и Дня национального головного убора - Ак калпак!

3 марта сего года в городе Жалал-Абад торжественно отметили День государственного флага Кыргызской Республики и День национального головного убора – Ак Калпак. В честь названных праздников по городу был организован марш профессорско-преподавательского состава и студентов вузов. Участники марша шли в национальных головных уборах, несли развевающиеся флаги Кыргызской Республики, транспаранты с праздничными воззваниями. У всех было праздничное настроение, высокий патриотический дух. Участники марша дошли до центральной площади «Эркиндик» («Свобода»), где в 10.00 был торжественно поднят флаг Кыргызской Республики. Руководители области и города поздравили народ с праздником. Профессорско-преподавательский состав и студенты Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) приняли активное участие в праздничных мероприятиях. Ректор университета, д.э.н., профессор С.А. Омурзаков лично возглавил маршевую колонну МНУ. Стоит особо отметить, что студенты МНУ ежегодно с высоким патриотическим духом принимают активное участие в вышеназванных празднованиях. В этом году также, несмотря на проливной дождь, преподаватели и студенты проявили патриотизм и активность.

В целом праздничные мероприятия прошли на «Ура!». С праздником, дорогие соотечественники!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

432 View