ЭАУ советтик аскерлердин Ооганстандан чыгып кеткендигинин 30 жылдык маарекесине арналган салтанатка катышты

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) ректораты жана студенттери үстүбүздөгү жылдын 15-февралында советтик аскерлердин Ооганстандан чыгып кеткендигинин 30 жылдык маарекесине арналган салтанатка активдүү катышып, Ооган согушунун ардагерлеринин эстелигине гүлчамбар, гүлдөрдү коюшту. Аталган жалпы шаардык иш-чара Жалал-Абад шаарынын Жеңиш паркында өткөрүлдү. Иш-чараны Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен Жалал-Абад шаарынын Согуш жана эмгек ардагерлеринин кеңеши уюштурушкан. ЭАУнун ректораты, профессор-окутуучулар курамы жана студенттери жыл сайын Ооган согушунун ардагерлерине арналган ушундай иш-чараларга активдүү катышып келет.

Ооган согушунун ардагерлери ушул күнгө чейин мекенге күжүрмөн кызмат кылуунун, эр жүрөктүүлүктүн жана каармандыктын жаркын үлгүсү болуп келишүүдө. Совет доорунда Кыргызстандан Ооган согушуна 7141 аскер катышып, алардан 300 адам салгылашууларда курман болуп, 4 дайынсыз жоголуп, 1500 жарадар болушкан... Ошол согуштун жоокерлери ар дайым эсибизде!

ЭАУнун кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

МНУ принял участие в торжествах в честь 30-летия со Дня вывода советских войск из Афганистана

Ректорат и студенты Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) 15 февраля сего года приняли активное участие в торжественном мероприятии в честь 30-летия со Дня вывода советских войск из Афганистана, а также возложили венок, цветы у памятника в честь ветеранов Афганской войны. Названное общегородское мероприятие состоялось в парке Победы города Жалал-Абад. Памятное торжество было организовано мэрией, а также Советом ветеранов войны и труда г. Жалал-Абад. Ректорат, профессорско-преподавательской состав и студенты МНУ, ежегодно активно участвуют в мероприятиях в честь ветеранов Афганской войны.

Ветераны Афганской войны и сегодня являются образцом, ярким примером доблестной службы родине, отваги и героизма. В период Советского Союза в Афганской войне приняли участие 7141 воинов кыргызстанцев, из них в сражениях погибли 300 человек, 4 пропали без вести, 1500 получили ранение… Мы помним солдатов той войны!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

198 View