ЭАУ студенттери “Дени сак жаштар – дени сак өлкө!” аттуу спорттук иш-чарага катышышты

Үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) студенттери Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2018-ж. 05.11. №317-б буйругу менен бекитилген 17-ноябрь – Студенттердин эл аралык күнүнө карата “Жаштар жумалыгы” иш-чараларынын алкагында “Дени сак жаштар – дени сак өлкө!” аттуу спорттук мелдештерге катышып келишти. Аталган иш-чарага Жалал-Абад шаарынын бардык жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттеринин курама командалары катышты. Спорттук мелдештер улуттук спорт оюндарынан төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлдү: таяк тартмай, аркан тартмай, тогуз коргоол, топ таш, кол күрөш. Булар менен бирге, мини футбол боюнча да мелдештер өткөрүлдү.  Бул спорттук иш-чара Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу Жаштар иштери боюнча комитет жана “Курманбек” стадионунун администрациясы тарабынан уюштурулган. Бул күнү “Курманбек” стадионун чыныгы спорттук кумар деми ээлеп, жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын курама командаларынын күйөрмандарынын сүрөөн кыйкырыктары жаңыртып турду. Аталган спорттун түрлөрү боюнча жеңиштер спортсмендерди, алардын машыктыруучуларын жана күйөрмандарды сүйүндүрүп, жаңы спорттук ийгиликтерге дем берип турду. ЭАУнун  курама командасы бул мелдештерде төмөнкү байгелүү орундарга жетишти: мини футбол боюнча I орун, таяк тартыш боюнча I орун, аркан тартыш боюнча I орун.

Жалпысынан, айтылган спорттук мелдештер жаштар үчүн чыныгы спорт майрамы катары, уюштуруучулар үчүн сергек жашоо ыңгайына үгүттөгөн жакшы иш-чара катары өттү десек болот!        

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Студенты МНУ приняли участие  в спортивном мероприятии «Здоровая молодежь – здоровая страна!»

Согласно Плану мероприятий по проведению «Молодежной недели» в честь 17 ноября - Международного дня студентов, утвержденного распоряжением №317-б от 05.11.2018 г. мэрии г. Жалал-Абад, студенты  Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) 14 ноября сего года приняли участие в спортивном мероприятии под наименованием «Здоровая молодежь – здоровая страна!».  В названном спортивном мероприятии приняли участие сборные команды всех высших и средних профессиональных учебных заведений г. Жалал-Абад. Спортивные состязания проводились по таким видам национального спорта, как  таяк тартмай (перетягивание палки), аркан тартмай (перетягивание каната), тогуз коргоол (национальная настольная игра), топ таш (игра в камешки), кол кюрёш (армрестлинг), а также по мини футболу. Организаторами названного спортивного мероприятия выступили Комитет по делам молодежи мэрии г. Жалал-Абад и администрация городского стадиона «Курманбек». В этот день на стадионе «Курманбек» г. Жалал-Абад царил дух истинного спортивного азарта, громко кричали болельщики сборных команд высших и средних профессиональных учебных заведений. Успех побед по названным видам спорта радовал спортсменов, тренеров и болельщиков. Сборная МНУ заняла следующие призовые места: I место по мини футболу, I место по таяк тартыш (перетягивание палки), I место по аркан тартыш (перетягиванию каната).

В целом, данное спортивное мероприятие состоялось как настоящий спортивный праздник для студентов, как хорошее мероприятие по пропаганде здорового образа жизни для организаторов!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

363 View