ЭАУ студенттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Бишкек шаарындагы бир катар мамлекеттик мекемелерге экскурсияга барып келишти

         К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) студенттеринин бир тобу үстүбүздөгү жылдын 14-16-марттарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин астында түзүлгөн Жаштар борборунун ишмердиги менен таанышуу максатында юриспруденция кафедрасынын окутуучулары менен биргеликте Бишкек шаарына экскурсияга барып келишти. Аталган экскурсиянын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Мирлан Исакбекович Бакиров жана аталган министрликтин министри Улукбек Тойчубаевич Кочкоров, о.э.  айтылган борбордун жетектөөчү адиси Айдар Алимбеков ЭАУ студенттерин өз мекемелеринде тосуп алышып, аларды өздөрүнүн мекемелеринин ишмердиги менен тааныштырып чыгышты. Бул экскурсия абдан кызыктуу жана мазмундуу болуп, ЭАУ студенттерине абдан жакты. Кудай буйруса, ушундай экскурсиялар мындан ары да улантылмакчы. Муну менен бирге, ЭАУ студенттери Бишкек шаарындагы Ала-Тоо эл аралык университетинде жогорку окуу жайлар арасында өткөрүлгөн “Бириккен Улуттар Уюмунун модели — 2019” аттуу конференцияга да катышып келишти. Аталган конференция да абдан мазмундуу болуп, БУУнун ишмердиги боюнча көптөгөн маанилүү маселелер каралды.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы


Студенты МНУ побывали с экскурсией в Жогорку Кенеше Кыргызской Республики и других государственных учреждениях в г. Бишкек

         Студенты Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) совместно с преподавателями кафедры юриспруденции 14-16 марта сего года съездили в г. Бишкек для экскурсии в целях ознакомления с  деятельностью Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, Министерства труда и социального развития КР, а также Молодежного центра Государственного агентства по делам молодежи, физической культуре и спорту при Правительстве Кыргызской Республики. В рамках этой экскурсии студентов МНУ встретили и ознакомили с деятельностью своих учреждений вице-спикер Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Мирлан Исакбекович Бакиров, министр труда и социальной политики КР Улукбек Тойчубаевич Кочкоров и ведущий специалист Молодежного центра Айдар Алимбеков. Экскурсии по названным учреждениям были очень интересными и содержательными. Студентам МНУ экскурсии  очень понравились. Аналогичные экскурсии для студентов МНУ будут организовываться и в дальнейшем. Вместе с этим, студенты МНУ приняли участие в работе межвузовской конференции  на тему «Модель Организации Объединенных наций-2019», проведенной в Международном университете Ала-Тоо. Названная конференция в рамках своей тематики была очень содержательной и полезной, были рассмотрены различные важные вопросы по деятельности ООН.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

411 View