ЭАУ студенттеринин СПИД менен күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө карата иш-чарасы

Үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) чоң жыйындар залында 1-декабрь – СПИД менен күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө карата ЭАУнун Эл аралык медициналык колледжи тарабынан атайын коомдук-маданий иш-чара өткөрүлдү. Программада тема боюнча видео-презентациялар коюлуп, лекциялар окулуп жана СПИД менен башка венерикалык оорулар боюнча сахналаштыруулар болду. Студенттердин сөзү боюнча аталган иш-чара уюштуруу жагынан да, мазмуну боюнча да абдан кызыктуу өткөрүлдү. ЭАунун Эл аралык медициналык колледжинин директору б.и.д., доцент Ж.Т. Самиеванын айтуусу боюнча иш-чара зор тарбиялык жана профилактикалык мааниде болду. Иш-чарага Жалал-Абад областынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана СПИД оорусунун алдын алуу борборунун өкүлдөрү да катышышты.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Мероприятие студентов МНУ посвященное Всемирному Дню борьбы со СПИДом

30 ноября сего года в большом актовом зале Международного университета в городе Жалал-Абад (МНУ) состоялось мероприятие, посвященное Международному Дню борьбы со СПИДом, которое ежегодно отмечается 1 декабря. Мероприятие было организовано Международным медицинским колледжем МНУ. По программе мероприятия была представлена видео презентация, зачитаны лекции, а также были показаны инсценировки на тему СПИДа и других венерических заболеваний. Студенты, принявшие участие в мероприятии, отметили, что все было организовано и проведено на высоком уровне и интересно. По высказыванию директора Международного медицинского колледжа МНУ д.б.н., доцента Ж.Т. Самиевой мероприятие имело большое воспитательное и профилактическое значение. В названном мероприятии приняли участие и представители Центра семейной медицины и Центра по профилактике СПИДа Жалал-Абадской области.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

 

340 View