ЭАУда 1-курста билим алгандарга студент наамын ыйгаруу салтанаты өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) чоң жыйындар залында 1-курстагы билим алгандарга студент наамын ыйгаруу салтанаты өткөрүлдү. Салтанаттын башында ЭАУ ректору, э.и.д., профессор А.А. Мамасыдыков 1-курс студенттерин алардын алгачкы студенттик майрамы менен куттуктап, алардын өкүлдөрүнө символикалык студенттик билет, символикалык сынак китепчесин жана ЭАУнун алтын билим ачкычын тапшырды. Андан кийин ЭАУнун Маданий-эстетикалык борборунун директору Б.Р. Мадоморов жана ЭАУнун Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы М.А. Абдыкалыков, университеттин студенттик активинин башын бириктиришип, майрамдык концерт тартуулашты. Концертте окуу жайдын мыкты ырчылары шаңдуу ырларды ырдап, бий топтору улуттук жана заманбап бийлерди бийлеп,  КВН - тамашакөйлөр жана амалкөйлөр топтору учкул тамашаларды жаадырышты. Расмий бөлүктөн кийин студенттик майрам “Салтанат” ресторанында уланып, ал жерде дискотека, оюн-тамашалар уюштурулган. Жалпысынан 1-курстагыларга студент наамын ыйгаруу салтанаты жогорку уюшкандыкта жана ЭАУнун мыкты салттарында өткөрүлдү. ЭАУ тарыхында бул 25-студент наамын ыйгаруу салтанаты!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

В МНУ состоялось торжество в честь посвящения первокурсников в студенты

30 октября сего года в большом актом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова состоялось торжество в честь посвящения первокурсников в студенты МНУ. На названном торжестве ректор МНУ, д.э.н., профессор А.А. Мамасыдыков поздравил первокурсников с их первым студенческим праздником, торжественно вручил им символический студенческий билет, символическую зачетную книжку и  золотой ключ знаний МНУ. Директор Культурно-эстетический центра МНУ Б.Р. Мадоморов и председатель Комитета по делам молодежи МНУ М.А. Абдыкалыков, объединив студенческий актив вуза, представили праздничный концерт с участием лучших певцов, танцевальных групп и КВН-команд университета. После официальной части названный студенческий праздник продолжился в ресторане «Салтанат». Студенческая дискотека, развлекательные игры и различные призовые конкурсы создали прекрасную праздничную атмосферу. В целом торжество в честь посвящения первокурсников в студенты МНУ прошло на высоком организационном уровне и в духе лучших традиций университета. В истории МНУ это 25-е посвящение!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

356 View