ЭАУда 2017-2018-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнүн салтанаты өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 22-июнунда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) “Ак жол сага, бүтүрүүчү-2018!” аттуу 2017-2018-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанат өткөрүлдү. Салтанатка чакырылган меймандар тизмесин Жалал-Абад шаарынын мэри, ЭАУ бүтүрүүчүсү Тагаев Мураталы Абдыкарович, Жалал-Абад шаардык кеңештин төрагасы Жолдошев Айбек Дөөлөтбекович, Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты Ташиев Шайырбек Кыдыршаевичтер баштап келди. Салтанатка бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери да катышты. Университеттин бүтүрүүчүлөрүн ЭАУ ректору, э.и.д., профессор Абдилбает Асанович Мамасыдыков куттуктап, мыкты бүтүрүүчүлөргө жана студенттерге өз фондунан стипендияларды жана сыйлыктарды тапшырды. Шаардын мэри, шаардык кеңештин төрагасы да бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, сыйлоо аземине катышты. Шаардык кеңештин депутаты Ташиев Шайырбек Кыдыршаевич да бир катар мыкты бүтүрүүчүлөргө жана студенттерге өз атынан стипендияларды тапшырды. Андан кийин бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери жана бүтүрүүчүлөр куттуктоо сөздөрү менен чыгышып, ЭАУнун ректоратына жана профессор-окутуучуларына өз ыраазычылыктарын билдиришти. Расмий куттуктоолордон кийин ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору шаңдуу майрамдык концерт тартуулады. Бүтүрүүчүлөр салтанаты дискотека жана салют атуулар менен аяктады. Салтанаттын меймандары жана ата-энелер, бүтүрүүчүлөр ушул майрамдык иш-чаранын жогорку деңгээлде уюшулганын, маданий программанын мазмундуулугун, чыныгы майрамдык маанайда өткөндүгүн баса белгилеп кетишти, т.а. ЭАУнун мурунтан бери келе жаткан мыкты салттарында.

ЭАУ Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

В МНУ провели торжество в честь выпускников 2017-2018 учебного года

22 июня сего года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) состоялось торжество «В счастливый путь, выпускник-2018!» в честь выпускников 2017-2018 учебного года. Гостями торжества были мэр города Жалал-Абад, выпускник МНУ Тагаев Мураталы Абдыкарович, торага Жалал-Абадского городского кенеша депутатов Жолдошев Айбек Доолотбекович и депутат Жалал-Абадского городского кенеша, выпускник МНУ Ташиев Шайырбек Кыдыршаевич, а также родители выпускников. Выпускников МНУ поздравили и пожелали успехов в будущей профессиональной деятельности ректор, д.э.н., профессор Абдилбает Асанович Мамасыдыков, мэр города и торага городского кенеша. После поздравлений и пожеланий ректор МНУ вручил лучшим выпускникам и студентам именные стипендии, награды. Депутат Жалал-Абадского городского кенеша, выпускник МНУ Ташиев Шайырбек Кыдыршаевич также вручил стипендии от своего имени ряду лучших выпускников и студентов.  После чего с поздравительной речью выступили родители выпускников, которые выразили глубокую признательность ректорату и профессорско-преподавательскому составу за обучение и воспитание их детей. После родителей выступили с поздравлениями и благодарностями выпускники университета. За официальной частью последовала культурная программа – праздничный концерт Культурно-эстетического центра МНУ. Торжество закончилось дискотекой и праздничным салютом в честь выпускников МНУ. Гости торжества, выпускники и их родители особо отметили высокую организацию торжества, насыщенность культурной программы и истинно праздничный дух мероприятия в лучших традициях МНУ.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

354 View