ЭАУда 2019-окуу жылдын бүтүрүүчүлөрүнүн салтанаты өткөрүлдү

       Үстүбүздөгү жылдын 21-июнунда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) “Ак жол сага, бүтүрүүчү-2019!” аттуу 2018-2019-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанат өткөрүлдү. Салтанатка чакырылган меймандар тизмесин Мамлекеттик салык кызматынын, банк тармагынын өкүлдөрү, чет мамлекеттик ишкерлер түзүштү. Салтанатка бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери да катышты. Университеттин бүтүрүүчүлөрүн ЭАУнун I проректору, э.и.к., профессор Айжамал Кантөрөевна Кантөрөева куттуктап, мыкты бүтүрүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды. Бүтүрүүчүлөрдү ЭАУнун Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун директору, э.и.к., доц. Э.С. Кокуева, Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун директору, э.и.к., доц. Чагры Эргезер, Гуманитардык-экономикалык колледждин директору, э.и.к., доц. К.А. Раймкулов жана Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин директорунун орун басары А.А. Султанова да куттукташып, кесиптик келечекте ийгиликтерди каалашты. Салтанаттын ардактуу мейманы, “Айгүл” курулуш компаниясынын директору Хасан Сакман бир катар мыкты бүтүрүүчүлөргө акчалай сыйлыктарды тапшырды. Андан кийин бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери жана бүтүрүүчүлөр куттуктоо сөздөрү менен чыгышып, ЭАУнун ректоратына жана профессор-окутуучуларына өз ыраазычылыктарын билдиришти. Расмий куттуктоолордон кийин ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору менен Жаштар иштери боюнча комитети шаңдуу майрамдык концерт тартуулашты. Белгилүү ырчылар Самаган Кочкоров, Чынара Дооранова, Шахра Темиркулова, Нурбек Шамуратов концерттин ажарын ачышты. Бүтүрүүчүлөр салтанаты дискотека жана салют атуулар менен аяктады. Салтанаттын меймандары жана ата-энелер, бүтүрүүчүлөр ушул майрамдык иш-чаранын жогорку деңгээлде уюшулганын, маданий программанын мазмундуулугун, чыныгы майрамдык маанайда өткөндүгүн баса белгилеп кетишти, т.а. ЭАУнун мурунтан бери келе жаткан мыкты салттарында.

ЭАУ Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы


В МНУ провели торжество в честь выпускников 2019 года

       21 июня сего года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) состоялось торжество «В счастливый путь, выпускник-2019!» в честь выпускников 2018-2019 учебного года. Гостями торжества были представители Государственной налоговой службы КР, банковской сферы, иностранные предприниматели, а также родители выпускников. Выпускников МНУ поздравили и пожелали успехов в будущей профессиональной деятельности I проректор, к.э.н., профессор Айжамал Кантороевна Кантороева, директор Института непрерывного открытого образования, к.э.н., доц. Э.С. Кокуева, директор Международного Кыргызско-Турецкого института, к.э.н., доц. Чагры Эргезер, директор Гуманитарно-экономического колледжа, к.э.н., доц. К.А. Раймкулов и заместитель директора Международного Кыргызско-Турецкого колледжа А.А. Султанова. После поздравлений и пожеланий I проректор МНУ вручила лучшим выпускникам награды. Почетный гость торжества, директор строительной компании «Айгуль» Хасан Сакман вручил денежные премии лучшим выпускникам МНУ. После чего с поздравительной речью выступили родители выпускников, которые выразили глубокую признательность ректорату и профессорско-преподавательскому составу за обучение и воспитание их детей. После родителей выступили с поздравлениями и благодарностями выпускники университета. За официальной частью последовала культурная программа – праздничный концерт Культурно-эстетического центра и Комитета по делам молодежи МНУ. Концертную программу украсили такие известные эстрадные певцы, как Самаган Кочкоров, Чинара Дооранова, Шахра Темиркулова, Нурбек Шамуратов. Торжество закончилось дискотекой и праздничным салютом в честь выпускников МНУ. Гости торжества, выпускники и их родители особо отметили высокую организацию торжества, насыщенность культурной программы и истинно праздничный дух мероприятия в лучших традициях МНУ.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

587 View