ЭАУда 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүн салтанаттуу түрдө белгилешти!

Үстүбүздөгү жылдын 22-февралында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) чоң жыйындар залында 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Айтылган салтанаттын алкагында ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин дирекциясы даярдаган майрамдык концерт сунушталды. Салтанаттын башталышында ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор С.А. Өмүрзаков майрамдык куттуктоосун айтып, андан кийин ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин кенже класстарынын окуучулары салтанаттын катышуучуларын куттуктап, майрамдык ыр-бий номерлерин тартуулашты. Салтанатка катышкан профессор-окутуучулар курамы жана студенттер концерттик номерлерди мыкты аткарган кенжетайларга дүркүрөтүп кол чабышты. Жалпысынан майрамдык концерт көркөмдүк жана уюштуруучулук жагынан жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Ата Мекенди коргоочуларыбызды майрамы менен куттуктайбыз жана чың ден соолук, кажыбас кайрат, узак өмүр каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

В МНУ торжественно отметили 23-февраля – День защитника Отечества!

22 февраля сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) торжественно отметили 23-февраля – День защитника Отечества. В рамках торжества была представлена праздничная концертная программа, которая была подготовлена дирекцией Международного Кыргызско-Турецкого лицея МНУ. В начале торжества с поздравлениями по случаю названного праздника выступил ректор МНУ, д.э.н., профессор С.А. Омурзаков. После чего с поздравлениями, песнями и танцами выступили ученики младших классов Международного Кыргызско-Турецкого лицея МНУ. Ректорат, преподаватели и студенты МНУ восторженно рукоплескали юным исполнителям концертных номеров. Праздничный концерт прошел на высоком художественном и организационном уровнях.

Поздравляем всех защитников Отчества с праздником, желаем крепкого здоровья, мужества и долгих лет жизни!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

458 View