ЭАУда 8-март - Аялдардын эл аралык күнүн белгилөө жөнүндө

Үстүбүздөгү жылдын 7-мартында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) чоң жыйындар залында 8-март – Аялдардын эл аралык күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Салтанаттын программасынын алкагында ЭАУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык Менеджмент Академиясынын мүчө-корреспонденти Сатыбалды Ашимович Өмүрзаков университеттин эжекелерин, айым кызматкерлерин жана студент кыздарын аялдар күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, жаштарга сапаттуу жогорку кесиптик билим жана татыктуу тарбия берүү жаатында алгылыктуу кызматы менен айырмалангандарына сыйлыктарды тапшырды. Андан кийин ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору жана Жаштар иштери боюнча комитети майрамдык концерт сунушташты. Бардыгына өзгөчө ЭАУнун курама КВН командасынын тамашалары жакты. Майрамдык иш-чара окуу жайдын мыкты салттарында өткөрүлдү.

Майрамыңыздар менен ЭАУнун эжекелери жана студент кыздары!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

О праздновании 8-марта – Международного женского дня в МНУ

7 марта сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) состоялось традиционное торжество в честь 8 марта – Международного женского дня. В рамках программы торжества ректор МНУ доктор экономических наук, профессор, член-корреспондент Региональной Академии Менеджмента Сатыбалды Ашимович Омурзаков сердечно поздравил женщин преподавателей, сотрудниц и студенток университета. Вместе с этим, вручил награды сотрудницам, отличившимся в деле качественного высшего профессионального обучения и достойного воспитания молодежи. После чего состоялся праздничный концерт, организованный Культурно-эстетическим центром МНУ и Комитетом по делам молодежи МНУ. Названное праздничное мероприятие прошло в лучших традициях вуза. Всем особенно понравились шутки сборной КВН команды МНУ.

С праздником, дорогие женщины преподаватели, сотрудницы и студентки МНУ!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

429 View