ЭАУда “Аалам алпы – Чыңгыз Айтматов!” аттуу адабий-театралдык кече өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) чоң жыйындар залында Кыргызстандын элдик жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата “Аалам алпы – Чыңгыз Айтматов!” аттуу адабий-театралдык кече өткөрүлдү. ЭАУда Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине арналган иш-чаралар тизмесиндеги бул жолку иш-чараны ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин окутуучулары жана студенттери өткөрүштү.

Адабий-театралдык кеченин программасына ылайык ЭАУ сахнасында Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча видео слайддар, көркөм окуулар, “Делбирим”, “Биринчи мугалим” повесттеринен сахналаштыруулар, “Илиястын ыры”, “Ысык-Көлдү сагынуу” сыяктуу концерттик номерлер тартууланып, бир катар баяндамалар окулду. Айтматовго арналган кечеге көрүүчүлөр катары ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин кенже класстарынын окуучулары да катышкандыгын белгилеп кетебиз. Ушул эле иш-чаранын алкагында Ч.Т. Айтматовдун чыгармалары боюнча дубал гезиттеринин жана дил баяндардын сынагы өткөрүлгөн.

Жалпысынан  “Аалам алпы – Чыңгыз Айтматов!” аттуу адабий-театралдык кече көрүүчүлөрдүн көңүлүнө жагып, жогорку бааларга татыды.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

В МНУ провели литературно-театральный вечер на тему «Титан вселенной – Чингиз Айтматов!»

30 ноября сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) был проведен литературно-театральный вечер на тему «Титан вселенной – Чингиз Айтматов!», посвященный 90-летию народного писателя Кыргызстана Чингиза Айтматова. В этот раз мероприятие, посвященное Чингиз Айтматову и его творчеству, провели преподаватели и студенты Международного Кыргызско-Турецкого колледжа МНУ.

В соответствии с программой литературно-театрального вечера на сцене МНУ были представлены видео слайды о жизни и творчестве народного писателя, художественные чтения отрывков его произведений, показаны театральные постановки по повестям «Тополек мой в красной косынке» и «Первый учитель», а также исполнены песни по мотивам его произведений «Илиястын ыры - Песня Илияса», «Ысык-Көлдү сагынуу - Тоска по Иссык-Кулю» и др.

Стоит отметить, что в этом мероприятии приняли участие в качестве зрителей и ученики младших классов Международного Кыргызско-Турецкого лицея МНУ. В рамках этого же мероприятия был проведен конкурс стенгазет и сочинений по произведениям Ч.Т. Айтматова.

В целом литературно-театральный вечер на тему «Титан вселенной – Чингиз Айтматов!» понравился зрителям и заслужил высоких оценок.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

651 View