ЭАУда “Адамдарды сатууга каршы күрөшүү” темасында дебаттык жарыштар болуп өттү 

Үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2018-ж. 05.11. №317-б буйругу менен бекитилген 17-ноябрь – Студенттердин эл аралык күнүнө карата “Жаштар жумалыгы” иш-чараларынын алкагында “Адамдарды сатууга каршы күрөшүү” темасында Жалал-Абад шаарындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын курама командалары арасында дебаттык жарыштар өткөрүлдү. Дебаттык жарыштарды Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу Жаштар иштери боюнча комитети уюштурган, ЭАУнун ректораты жана Жаштар иштери боюнча комитети, юриспруденция кафедрасы бул иш-чарага өзүнүн аянттарын берип, болгон керектүү шарттарды түзүп беришкен. Муну менен бирге, бул дебаттык жарыштарга ЭАУнун студенттеринин курама командасы да катышкан. “Адамдарды сатууга каршы күрөшүү” темасындагы дебаттар ушул эле аталыштагы 100 күндүк акциянын алкагында өткөрүлгөн.

Дебаттык жарыштар уюштуруучулардын жана катышуучулардын пикирлери боюнча жогорку уюшкандыкта өткөрүлүп, темасы жана курама командалардын жарыш сөздөрү укуктук сабат маанисинде, интеллектуалдык мааниде жана жаштарга укуктук тарбия берүү маанисинде абдан мазмундуу жана кызыктуу болду. Мындай дебаттык жарыштар ЭАУда биринчи ирет өткөрүлүп жаткан жок жана дайыма студент жаштардын тарабынан кызыгуу менен кабыл алынат.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

В МНУ состоялась дебатные состязания на тему «Борьба с торговлей людьми»

Согласно Плану мероприятий по проведению «Молодежной недели» в честь 17 ноября - Международного дня студентов, утвержденного распоряжением №317-б от 05.11.2018 г. мэрии г. Жалал-Абад, в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) 16 ноября сего года прошли дебатные состязания между сборными командами высших и средних профессиональных учебных заведений г. Жалал-Абад.  Организатором дебатного состязания выступил Комитет по делам молодежи мэрии г. Жалал-Абад. Ректорат и Комитет по делам молодежи, кафедра юриспруденции МНУ предоставили площадку для дебатных состязаний и создали все соответствующие условия, в т.ч. в дебатах приняла участие и сборная студентов МНУ. Тема дебатного состязания: «Борьба с торговлей людьми» в рамках одноименной 100 дневной акции.

По мнению организаторов и участников дебатных состязаний, данное мероприятие прошло на высоком организационном уровне, тема дебатов и выступления студенческих команд были очень содержательными и интересными в правовом плане, в интеллектуальном плане, в плане правового воспитания молодежи. Такие дебатные состязания в МНУ проводятся не первый год и всегда с интересом воспринимаются студенческой молодежью.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

320 View