ЭАУда “Бизнес ринг” бизнес долбоорлордун сынагы өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2018-ж. 05.11. №317-б буйругу менен бекитилген 17-ноябрь – Студенттердин эл аралык күнүнө карата “Жаштар жумалыгы” иш-чараларынын алкагында “Бизнес ринг” аталышында бизнес долбоорлордун сынагы өткөрүлдү. Аталган конкурска Жалал-Абад шаарындагы бир катар жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттик курама командалары катышышты.

Катышуучулардын пикири боюнча “Бизнес ринг” бизнес долбоорлордун сынагы жогорку сапаттык деңгээлде уюштурулуп, мазмуну боюнча экономика, менеджмент багыттарында жакынкы келечекте жогорку квалификациялуу адис боло тургандар үчүн абдан кызыктуу жана пайдалуу болуп өттү. Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу Жаштар иштери боюнча комитет менен ЭАУнун Жаштар иштери боюнча комитети, ошондой эле жаштар арасында социалдык ишкердикти, лидерликти илгерилеткен долбоордун “Энактус-ЭАУ” командасы ушул иш-чаранын негизги уюштуруучулары болушту.

Тандалган мыкты долбоорлор Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу Жаштар иштери боюнча комитеттин жаштар демилгелерин колдоо багыты боюнча илгерилетилет.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

В МНУ прошел конкурс бизнес проектов «Бизнес ринг»

Согласно Плану мероприятий по проведению «Молодежной недели» в честь 17 ноября - Международного дня студентов, утвержденного распоряжением №317-б от 05.11.2018 г. мэрии г. Жалал-Абад, в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) 13 ноября сего года провели конкурс бизнес проектов «Бизнес ринг».  В названном конкурсе приняли участие студенческие сборные команды ряда высших и средних профессиональных учебных заведений г. Жалал-Абад.

По мнению участников, конкурс бизнес проектов «Бизнес ринг» был организован на высоком качественном уровне, был очень содержательным, интересным и полезным для будущих высококвалифицированных специалистов по экономике, менеджменту. Стоит отметить, что такие конкурсы в МНУ проводятся уже не первый год и стали традиционными мероприятиями вуза. Основными организаторами выступили Комитет по делам молодежи мэрии г. Жалал-Абад и Комитет по делам молодежи МНУ, а также команда «Энактус-МНУ» проекта по продвижению социального предпринимательства и лидерства среди молодежи.

Лучшие проекты будут продвигаться по линии поддержки молодежных инициатив Комитета по делам молодежи мэрии г. Жалал-Абад.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

275 View