ЭАУда Кадырбеков Нуржигиттин китебинин презентациясы болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Кадырбеков Нуржигиттин “Бир гана сенсиң” аттуу китебинин презентациясы болуп өттү. Презентацияга ЭАУнун профессор-окутуучулар курамы жана студенттери катышып, автор аталган китебин өзү тааныштырды. Аталган китеп адамдын жашоосундагы көптөгөн орчундуу темаларды камтып, зор тарбиялык жана руханий мааниге ээ касиеттүү чыгарма деген баага татыктуу экендигин баса белгилейбиз.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

В МНУ состоялась презентация книги Кадырбекова Нуржигита

29 ноября сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) состоялась презентация книги "Бир гана сенсин" ("Только ты") председателя Фонда по развитию религиозной культуры «Ыйман» («Духовность») при Президенте Кыргызской Республики Кадырбекова Нуржигита. В презентации приняли участие профессорско-преподавательский состав и студенты МНУ. Автор сам презентовал свою книгу. Стоит отметить, что названная книга вобрала в себя ряд тем из различных жизненных ситуаций, которые рассматриваются в педагогическом и нравственном плане, чем и заслуживает высокой оценки.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

1150 View