ЭАУда Кыргыз Республикасынын Бухгалтерлер жана аудиторлор күнү белгиленди!

       К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте 3-апрель – Кыргыз Республикасынын бухгалтерлер жана аудиторлор күнү кызыктуу жана шаңдуу түрдө белгиленди. Майрамдык программа боюнча иш-чаранын темасында кызыктуу интеллектуалдык оюндар жана сахналаштыруулар болуп, эстрадалык ырлар, заманбап бийлер тартууланды. Майрамдык иш-чаранын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары атайын дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Майрамдык иш-чараны ЭАУнун бухгалтердик эсеп, талдоо жана көзөмөл кафедрасы менен ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин эсеп-каржы кафедрасы өткөрүштү. Алар менен бирге майрамдык иш-чарага ЭАУнун каржы жана  статистика кафедрасы да активдүү катышты. Айтылган кесиптик майрам ЭАУда салттуу майрамдардан болуп, бул сапар 25-жолу белгиленүүдө. Бул ирет да аталган кесиптик майрам мыкты салттарда белгиленгендигин айтып кетели. Бул жылы иш-чаранын негизги уюштуруучусу катары эсеп-каржы кафедрасынын башчысы, доцент Гүлзат Токтогуловна Капарова болду.

Майрамыңыздар менен урматтуу кесиптештер жана кымбаттуу студенттер!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы


В МНУ отметили День бухгалтеров и аудиторов Кыргызской Республики!

         В Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) интересно и весело отметили День бухгалтеров и аудиторов Кыргызской Республики – 3 апреля. Как известно общественности, в МНУ осуществляется подготовка высококвалифицированных специалистов по направлению «Экономика», профилю «Бухгалтерский учет, анализ и аудит», а в его Гуманитарно-экономическом колледже готовят специалистов со средним профессиональным образованием по специальности «Экономика и бухгалтерский учет». Согласно программе были презентованы интеллектуальные игры, веселые инсценировки, эстрадные песни, современные танцы, стихотворения на тему праздничного мероприятия. Победители и активные участники шоу были отмечены дипломами и денежными призами. Организаторами праздничного мероприятия выступили кафедра бухгалтерского учета, анализа и аудита МНУ, учетно-финансовая кафедра Гуманитарно-экономического колледжа МНУ, активное участие приняла кафедра финансов и статистики МНУ. Празднование Дня бухгалтеров и аудиторов Кыргызской Республики стало доброй традицией университета и отмечается уже в 25-й раз. Особо отметим, что и это праздничное мероприятие было проведено в лучших традициях вуза. Главным модератором мероприятия в этот раз выступила заведующая учетно-финансовой кафедрой доцент Гульзат Токтогуловна Капарова.

С праздником Вас, дорогие коллеги и студенты!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

445 View