ЭАУда Кыргыз Республикасынын Мугалимдер жана билим берүү кызматкерлеринин күнүн салтанаттуу түрдө белгилешти!

Үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Мугалимдер жана билим берүү кызматкерлеринин күнүн салтанаттуу түрдө белгилешти. ЭАУ ректору, э.и.д., профессор А.А. Мамасыдыков университеттин жамаатын куттуктап, мыкты окутуучуларга жана кызматкерлерге сыйлыктарды жана акчалай премияларды берди. Кесиптик майрамды белгилөөдө университеттин ардагерлери да чакырылды. Ректордун куттуктоосунан кийин ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору “Мугалим – мөмөлүү дарак” аттуу концерттик программаны тартуулады. Майрамдык концерттин көркү ЭАУга караштуу Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин башталгыч класстарынын окуучулары болушту, алардын ыр-бийлери бардыгына өзгөчө жагып, канчалаган кол чабууларга арзыды.

Жалпысынан кесиптик майрам ЭАУда салттуу түрдө жогорку деңгээлде белгиленди!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

В МНУ торжественно отметили День учителей и работников образования Кыргызской Республики!

5 октября сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова торжественно отметили День учителей и работников образования Кыргызской Республики. Ректор МНУ, д.э.н., профессор А.А. Мамасыдыков поздравил коллектив вуза, вручил награды и премии лучшим преподавателям и сотрудникам. Не забыли и ветеранов университета. После поздравлений ректора Культурно-эстетический центр МНУ представил концертную программу. Гвоздем программы были выступления учеников младших классов Международного Кыргызско-Турецкого лицея при МНУ. Их песни и танцы всем особо понравились и заслужили продолжительные аплодисменты.

В целом, профессиональный праздник в МНУ отметили на традиционно высоком уровне!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

277 View