ЭАУда мөмөлүү дарактардын көчөттөрү отургузулду

2018-жылдын 6-апрелинде “ЖИА” бизнес ассоциациясынын мүчөлөрү Жалал-Абаддагы аткаруучу директору Азамбек Жээнбай уулунун жетекчилигинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) аймагында “Бир ишкер – бир көчөт!” акциясы алкагында мөмө дарактарынын көчөттөрүн отургузушту. Аталган акцияны К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректораты, профессор-окутуучулары жана студенттери активдүү колдошту. Кудай буйруса, ЭАУнун студенттери ошол көчөттөр мөмө бергенинде таттуу мөмөлөрүнөн даам татып турушат.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Посадка саженцев плодовых деревьев в МНУ

6 апреля 2018 года Бизнес ассоциация «ЖИА» под руководством исполнительного директора по Жалал-Абаду Азамбек Жээнбай уулу в рамках акции «Один предприниматель – один саженец!» произвела посадку саженцев плодовых деревьев на территории Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ). Названная акция была активно поддержана ректоратом, профессорско-преподавательским составом и студентами МНУ. Даст бог, в ближайшем будущем студенты МНУ будут вкушать сладкие плоды этих саженцев.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

374 View