ЭАУда Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу түрдө белгиленди!

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Салтанатты ЭАУнун ректораты, мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасы, Маданий-эстетикалык борбор уюштурушту. Салтанаттын программасына ылайык ректораттан куттуктоолор айтылып, тема боюнча видео көрсөтүүлөр берилип, Кыргыз Республикасынын элдик жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча сахналаштыруулар тартууланып, “Манас” дастанынан зндлайтылып, кыргыз улуттук фольклорунан ырлар жаңырып, улуттук бийлер көрсөтүлдү, белгилүү кыргыз акындарынын ырларынан көркөм окуулар окулду. Жалпысынан, ЭАУда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү жогорку деңгээлде белгиленди.

Дагы бир жагымдуу маалымат: кыргыз тилинде экономикалык изилдөөлөрдү жүргүзүп, бухгалтердик эсеп, талдоо жана көзөмөл боюнча окуу китептерин жана колдонмолорду, илимий макалаларды жазып, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ЭАУнун бухгалтердик эсеп, талдоо жана көзөмөл кафедрасынын башчысы, э.и.к., доцент Жанузаков Болотбек Шакыевич Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланды! Агайдын сыйлыгы куттуу болсун!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

В МНУ торжественно отметили День государственного языка!

В Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) торжественно отметили День государственного языка Кыргызской Республики – 23 сентября. Торжество было организовано ректоратом, кафедрой государственного, официального и иностранных языков, Культурно-эстетическим центром МНУ. По программе торжества прозвучали поздравления ректората, были представлены видео презентации по теме, показаны сценические постановки по произведениям народного писателя Кыргызской Республики Чингиза Айтаматова, прозвучали отрывки из эпоса «Манас», прозвучали песни и показаны танцы из кыргызского национального фольклора, было представлено художественное чтение стихов известных кыргызских поэтов. В целом, День государственного языка Кыргызской Республики прошел на высоком организационном уровне.

Еще одна приятная весть: заведующий кафедрой бухгалтерского учета, анализа и аудита, к.э.н., доцент Жанузаков Болотбек Шакыевич награжден нагрудным знаком “Кыргыз тили” (“Кыргызский язык”) Национальной комиссии по государственному языку при Президенте Кыргызской Республики за весомый личный вклад в развитие государственного языка. Этой награды он был удостоен за научные исследования, выпуск учебников и учебных пособий, научных статей по бухгалтерскому учету, анализу и аудиту на кыргызском языке. Желаем Болотбеку Шакыевичу дальнейших успехов!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

312 View