ЭАУда СПИД менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

Саламаттыкты сактоонун бүткүл дүйнөлүк уюмунун жана Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын 1988-жылы кабыл алынган чечимдерине ылайык дүйнө жүзү боюнча жыл сайын СПИД (кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому) менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү 1-декабрда белгиленип келет. Бул күн ушул сыяктуу расмий күндөрдүн катарында абдан маанилүүлөрдөн болуп, адамдардын бул багытта кеңири маалымат алуусу, алдын ала сактануусу жана келечекте дарылануу мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейүүсү үчүн шарт түзгөн, о.э. аталган оорудан каза болгондорду эскерүү күнү да катары белгиленет.

Үстүбүздөгү жылдын  28-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) чоң жыйындар залында уюштуруу-тарбия иштеринин комплекстүү планына ылайык СПИД менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата максаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чараны ЭАУнун Эл аралык медициналык колледжи жана Маданий-эстетикалык борбору уюштурушкан. Иш-чарага Жалал-Абад областынын Үй-бүлөлүк медицина борборунун, Жалал-Абад шаарынын №3 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун, Жалал-Абад областтык СПИДдин алдын алуу жана күрөшүү борборунун өкүлдөрү катышышты. Иш-чаранын программасында темага ылайык видео роликтер көрсөтүлүп, лекция окулуп, сахналаштыруулар жана концерттик номерлер коюлду. Муну менен бирге, тема боюнча дубал гезиттеринин сынагы да өткөрүлдү. Жалпысынан аталган иш-чара жогорку уюшкандыкта өтүп, максаты жана мазмуну боюнча абдан пайдалуу болду.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

В МНУ провели мероприятие в честь Всемирного дня борьбы со СПИДом

Всемирный день борьбы со СПИДом (World AIDS Day) ежегодно отмечается по всему миру 1 декабря, в соответствии с решением Всемирной организации здравоохранения (ВОЗ) и решением Генеральной Ассамблеи ООН, принятыми в 1988 году. Этот День стал одним из самых важных международных дней, связанных с вопросами здравоохранения и одной из ключевых возможностей повышения информированности, воздания должного памяти погибших от болезни, и возможности отметить такие достижения как расширение доступа к лечению и мерам по профилактике.

28 ноября сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) согласно комплексному плану организационно-воспитательных работ провели мероприятие в честь Всемирного дня борьбы со СПИДом. Организатором названного мероприятия выступил Международный медицинский колледж и Культурно-эстетический центр МНУ. В числе приглашенных гостей были и представители Жалал-Абадского областного Центра семейной медицины, Группы семейных врачей №3 г. Жалал-Абад, Жалал-Абадского областного Центра профилактики и борьбы со СПИДом. В программе мероприятия были показ видео роликов, лекция, сценические постановки и концертные номера, конкурс стенгазет на тему борьбы со СПИДом. В целом названное мероприятие было организовано на высоком качественном уровне и было очень наглядным и полезным в плане содержания.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

484 View