ЭАУда студенттердин күзгү спартакиадасынын жыйынтыкталды!

Үстүбүздөгү жылдын 19-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) күндүзгү окуудагы студенттердин күзгү спартакиадасы жыйынтыкталды. Жыл сайын өтүп турган ЭАУ студенттеринин спартакиадасы бул жылы да университеттин мыкты салттарында уюштурулду! Спартакиаданын үч күнүндө күчтүү, ыкчам жана шамдагай студент жигиттер, кыздар волейбол, баскетбол, футбол, стол тенниси, чатыраш, аркан тартыш сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча, анын ичинде тогуз коргоол, таяк тартыш сыяктуу улуттук спорттун түрлөрү боюнча, мелдештерде күчтөрүн сынашты. Университеттин бардык спорттук аянттарын бул күндөрү спорт кумарына баткан спортсмендер жана алардын күйөрмандары ээлешти. Спартакиадага окуу жайдын 9 курама командасы катышты, алар: 1) университеттин студенттеринин курама командасы; 2) ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун студенттеринин курама командасы; 3) ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин 11 класс билими негизинде алган студенттердин курама командасы; 4) ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин 9 класс билими негизинде алган студенттердин курама командасы; 5) ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин студенттеринин курама командасы; 6) ЭАУнун Эл аралык Медициналык колледжинин  студенттеринин курама командасы. Спартакиаданын жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:

- I  орун  - университеттин студенттеринин курама командасы;

- II орун - ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин 9 класс билими негизинде алган студенттеринин курама командасы;

- IIIорун - ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин студенттеринин курама командасы.

Спартакиаданын жеңүүчүлөрү 3 даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты! Башкы байге болгон өтмө кубок университеттин студенттеринин курама командасына ыйгарылды.

Эң башкысы: биринчи орунду, албетте, достук алды! Спорт бардыгынын башын бириктирет!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

В МНУ подвели итоги осенней студенческой спартакиады!

19 октября сего года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) подвели итоги осенней студенческой спартакиады среди студентов дневного обучения. Ежегодная спартакиада студентов МНУ прошла в наилучших спортивных традициях университета! В течение трех дней сильные, быстрые, ловкие парни и девушки состязались по следующим видам спорта: волейбол, баскетбол, футбол, настольный теннис, шахматы, перетягивание каната, а также по таким видам национального спорта, как тогуз коргоол, таяк тартыш.

Все спортивные площадки университета в эти дни были наполнены азартными спортсменами и болельщиками команд. В спартакиаде приняли участие 6 сборных команд: 1) сборная студентов университета; 2) сборная студентов Международного Кыргызско-Турецкого института МНУ; 3) сборная студентов Гуманитарно-экономического колледжа МНУ обучающихся на базе знаний 11 классов; 4) сборная студентов Гуманитарно-экономического колледжа МН обучающихся на базе знаний 9 классов; 5) сборная студентов Международного Кыргызско-Турецкого колледжа МНУ; 6) сборная студентов Международного Медицинского колледжа МНУ. Итоги спартакиады были следующими:

- I место – сборная студентов университета;

- II место – сборная студентов Гуманитарно-экономического колледжа МНУ, обучающихся на базе знаний 9 классов;

- III место - сборная студентов Международного Кыргызско-Турецкого колледжа МНУ.

Победители спартакиады были награждены дипломами 3-х степеней, а также денежными премиями. Главный приз - переходящий кубок был вручен сборной студентов университета.

О самом главном: как всегда победили дружба! Спорт объединяет всех!                                                  

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

352 View