ЭАУда улуттук Нооруз майрамы салттуу түрдө белгиленүүдө!

         Үстүбүздөгү жылдын 18-мартында эртең менен К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) профессор-окутуучулар курамы, кызматкерлери жана студенттери кыргыздын илгертен бери келе жаткан салттарына ылайык сүмөлөк даярдай башташты. Бул салтты окуу жайдын жамааты ЭАУ түзүлгөндөн бери, т.а. 26 жылдан бери аткарып, ар Нооруз майрамына карата сүмөлөк даярдайт. Сүмөлөктү чогуу даярдашып, бардык кызматкерлерге, студенттерге таркатып, жаңы жылга жакшы каалоо-тилектер менен ооз тийишет. ЭАУнун Кесиптик кошуун комитети сүмөлөк эртеси майрамдык дастаркон уюштурат.

Эскертип кетели, бул жылдын 20-мартында Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” фольклордук талаасында Сүмөлөк фестивалы өткөрүлөт: кыргыз үйлөр тигилет, 40 казан сүмөлөк даярдалат, улуттук оюн-зооктор, майрамдык концерт болот. ЭАУ жамааты жана студенттери да ошол фестивалга катышып, кыргыз үй тигип, сүмөлөк даярдап, спорт оюндарынын улуттук түрлөрүн, кыргыз фольклорунун үлгүлөрүн көрсөтүшөт.

Нооруз майрамыңыздар, жаңы жылыңыздар куттуу болсун!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

 

В МНУ традиционно отмечают национальный праздник Нооруз!

18 марта сего года профессорско-преподавательский состав, сотрудники и студенты Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) приступили к приготовлению традиционного кушанья «Сүмөлөк», которое кыргызы всегда готовили в праздник весеннего равноденствия Нооруз с давних времен. Коллектив МНУ соблюдает эту традицию с периода своего создания, т.е. на протяжении всех 26 лет. Вместе готовят это праздничное кушанье, наутро раздают сотрудникам и студентам, вместе пробуют, высказывая все свои добрые пожелания на целый год вперед. В день раздачи профсоюзный комитет МНУ накрывает праздничный стол.

Стоит отметить, что в этом году мэрия города Жалал-Абад на фольклорном поле «Курманбек» проводит фестиваль сумолока: будут установлены национальные праздничные юрты, на 40 котлах будут готовить сумолок, состоится праздничный концерт, также будут представлены национальные виды спорта. Коллектив и студенты МНУ тоже примут активное участие в этом фестивале: установят юрту, накроют праздничный дастархан, покажут отдельные виды национального спорта, представят образцы национального фольклора.

Поздравляем всех с праздником весеннего равноденствия Нооруз!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

533 View