ЭАУда жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү!

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) үстүбүздөгү жылдын 27-28 -декабрь күндөрү ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин башталгыч класстарынын окуучулары жана ЭАУ профессор-окутуучулар курамынын, кызматкерлеринин балдары үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Университеттин Маданий-эстетикалык борбору менен чыгармачыл студенттердин тобу кенжетайлар үчүн абдан шаңдуу жана кызыктуу майрам уюштуруп беришти: майрам жаңы жылдык жомок менен башталып, балаты турган залга жомоктогу каармандардын коштоосунда Аяз Ата менен Аяз Кыз келип, ыр-бий, кызыктуу оюндарды уюштурушту. Соңунда балдарга жаңы жылдык белектер берилди. Балдар жана алардын ата-энелери абдан ыраазы болушуп, жаңы жылдык балатынын шаңдуу жана кызыктуу уюштурулушуна жогорку бааларын беришти.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

В МНУ провели новогоднюю ёлку!

В Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) 27-28 декабря провели новогоднюю ёлку для учеников начальных классов Международного Кыргызско-Турецкого лицея МНУ, а также для детей профессорско-преподавательского состава и сотрудников МНУ. Новогоднюю ёлку организовали Культурно-эстетический центр и творческая группа студентов университета. Ёлка традиционно началась с новогодней сказки: в зал в сопровождении сказочных героев вошли Дед Мороз и Снегурочка., которые сообща устроили детям праздник. Дети водили хоровод, танцевали, пели, рассказывали стихи, играли в разные интересные игры. В конце праздничного мероприятия дети получили новогодние подарки. Новогодняя ёлка была организована на высоком уровне, была очень интересной и понравилась детям и их родителям.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

498 View