ЭАУдагы конок лекциялары жөнүндө

Үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) чоң жыйындар залында “Бухгалтердик эсептин теориялык окутуусун практика менен айкалыштыруудагы көйгөйлөрү” темасында конок лекциясы “Экономика” багыты, “Бухгалтердик эсеп, талдоо жана көзөмөл” адистешүүсү боюнча студенттерге өткөрүлдү. Аталган темада лекцияны Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу Суу менен камсыздоо тутумун жана канализацияны калыбына келтирүү долбоорун жүзөгө ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы бухгалтери Тургунбаева Назира Шамшидиновна жана “Кыргыз темир жол” мамлекеттик ишканасынын түштүктөгү бөлүмүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ибрагимов Сирожидин Иномидинович окушту.

ЭАУда мындай конок лекцияларды өткөрүү жакшы салт болуп калган, анткени теориялык окутуу менен практикалык үйрөнүү дайыма удаалаш кетиш керек. Ошол себеп менен университеттин кафедралары практикалык тажрыйбасы мол, такшалган адистерди сырттан чакырып, ушундай конок лекцияларды өткөрүп турушат. Бул ирет конок лекциясын университеттин бухгалтердик эсеп, талдоо жана көзөмөл кафедрасы уюштуруп, аты аталган адистерди студенттерге сунуштады. Мындай лекцияларды университеттин башка профилдик кафедралары да кезек-кезеги менен уюштуруп турушат.

Лекциядан кийин да конок лекторлор менен ЭАУ студенттеринин ортосунда пикир алмашуулар, баарлашуулар улантылды. Жалпысынан аталган тема боюнча лекция кызыктуу жана пайдалуу болду.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

О гостевых лекциях в МНУ

29 ноября сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) была проведена гостевая лекция на тему «Проблемы совмещения теории и практики бухгалтерского учета» для студентов направления «Экономика», профиль «Бухгалтерский учет, анализ и аудит». Лекцию читали главный бухгалтер Отдела реализации и контроля проекта реабилитации системы водоснабжения и канализации при мэрии г. Жалал-Абад Тургунбаева Назира Шамшидиновна и начальник финансового отдела Южного отделения Государственного предприятия «Кыргыз темир жол» Ибрагимов Сирожидин Иномидинович.

В МНУ проведение гостевых лекций является традиционным мероприятием, ибо теоретическое обучения всегда должно идти параллельно с практическим обучением. В соответствии с этим все профильные кафедры университета периодически проводят аналогичные гостевые лекции с привлечением соответствующих специалистов-практиков, имеющие солидный опыт и стаж работы. На этот раз гостевую лекцию специалистов-практиков организовала кафедра бухгалтерского учета, анализа и аудита.

После лекции приглашенные специалисты и студенты МНУ продолжили вопросы и ответы по названной теме, тесное профессиональное общение. В целом лекция была интересной и полезной для обеих сторон.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

457 View