ЭАУнун “Бэмби” бала бакчасында майрамдык концерт өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 8-майында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин “Бэмби” мектепке чейинки таалим-тарбия борборунда (бала бакча) 9-май – Улуу Ата Мекендик согушта жеңиш күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Аталган бала бакчанын тарбиячылары кенже жана орто тайпалардагы балдардын катышуусунда концерт уюштурушуп, аскердик темада бийлерди, ырларды тартуулашты. Бала бакчанын майрамдык концертине ата-энелер, университеттин жетекчилиги чакырылган. Бардыгына белгилүү “Катюша” ырынын жана деңиз аскерлеринин “Яблочко” бийинин аткарылышы өзгөчө жакты. Кенжетайлардын майрамдык концерти абдан сонун болду!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы


 Праздничный утренник в детском саду МНУ «Бэмби» 

8 мая сего года в Дошкольном воспитательно-образовательном центре «Бэмби»  (детский сад) Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова состоялся праздничный утренник в честь 9 мая – Дня Победы в Великой Отечественной войне. Стараниями воспитателей был представлена концертная программа с участием детей младших и старших групп. Дети танцевали, пели, декламировали стихи на военные темы. На утренник были приглашены родители, руководство университета. Всем особенно понравились исполнение знаменитой песни «Катюша» и матросской пляски «Яблочко». Праздничный утренник малышей удался!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

533 View