ЭАУнун ЭЛ АРАЛЫК КЫРГЫЗ-ТҮРК ИНСТИТУНУН МЕЙМАНДАРЫ ЖӨНҮНДӨ

Коомчулукка белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Ош шаары Түрксой эл аралык уюму тарабынан 2019-жылы Түрк дүйнөсүнүн борбору деп жарыяланган. Үстүбүздөгү жылдын 20-21 -апрель күндөрү Ош шаарында түрк тилдүү элдердин башын бириктирген «Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аталышындагы маданий иш-чара өттү. Ага жалпысынан 12 мамлекет катышып, 250гө жакын шоу-бизнес жана маданият өкүлдөрү келишкен. Аталган иш-чаранын алкагында түрк элдеринин этнофестивалы, эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлгөн. Бул иш-чара Ош шаары менен бирге Кара-Кулжа районунда жана Жалал-Абад шаарында уланган. Айтылган иш-чаранын нугундагы Жалал-Абад шаарында этнофестиваль болуп, анын меймандары жана катышуучулары К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетке (ЭАУ) 22-апрель күнү таанышуу визити менен келишип, анын курамындагы Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун ишмердиги менен жакындан таанышышты. Меймандар тизмесинде Түрксой эл аралык уюмунун башкы катчысынын орун басары профессор Фырат Пурташ, кеңешчиси Санжар Мүлазымоглу, Анкара шаарынын Этимескут шаар башкармалыгын вице-мэри Алаатдин Сонат ж.б. Жалпысынан айтылган иш-чаралар абдан жогорку деңгээлде өткөрүлгөн.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы


О ГОСТЯХ МЕЖДУНАРОДНОГО КЫРГЫЗСКО-ТУРЕЦКОГО ИНСТИТУТА МНУ

Как известно общественности, город Ош Кыргызской Республики Международной организацией ТЮРКСОЙ был объявлен Центром тюркской культуры в 2019 году. 20-21 апреля сего года в рамках мероприятия «Ош – культурная столица тюркского мира» в городе Ош был проведен ряд культурных и научных мероприятий, в т.ч. этнофестиваль и международная научно-практическая конференция, в которых приняли участие представители 12 государств, 250 представителей шоу-бизнеса и культуры. Названные мероприятия имели продолжение в Кара-Кульджинском районе и в городе Джалал-Абад. В городе Джалал-Абад прошел аналогичный этнофестиваль. Гости фестиваля 22 апреля с ознакомительным визитом посетили Международный Кыргызско-Турецкий институт Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ). В списке гостей были заместитель генерального секретаря Международной организации ТЮРКСОЙ профессор Фырат Пурташ, советник Санджар Мюлазымоглу, вице-мэр городской управы Этимескут города Анкары Алаатдин Сонат и др. В целом названные мероприятии прошли на высоком организационном уровне.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

377 View