ЭАУнун эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин башталгыч класстарынын жаңы жылдык балаты майрамы жөнүндө

Үстүбүздөгү жылдын 26-декабрында Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин башталгыч класстарынын окуучулары үчүн окуу жайдын чоң жыйындар залында жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Программа боюнча балдар жаңы жылдык ырларды ырдап, шаңдуу бийлеп, бир катар кызыктуу сахналаштырылган номерлерди коюшту. Балаты майрамына Аяз Ата, Аяз Кыз келишип, окуучуларды Жаңы жыл майрамы менен куттукташты! Окуучулардын жана алардын ата-энелеринин сөздөрү боюнча балаты майрамы абдан шаңдуу өттү!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

О новогодней ёлке для начальных классов международного Кыргызско-Турецкого лицея МНУ

26 декабря сего года в большом актовом зале Международного университета в г. Жалал-Абад (МНУ) состоялась Новогодняя ёлка для учащихся младших классов Международного Кыргызско-Турецкого лицея МНУ. Дети пели новогодние песни, весело танцевали, задорно играли новогодние сценические постановки. На праздник пришли Дед Мороз, Снегурочка и поздравили учеников лицея с Новым Годом! Как сказали дети и их родители, Новогодняя ёлка прошла очень весело и интересно!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

389 View