ЭАУнун кызматкерлеринин балдары үчүн жаңы жылдык балаты майрамы жөнүндө

Үстүбүздөгү жылдын 27-декабрында Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) кызматкерлеринин балдары үчүн окуу жайдын чоң жыйындар залында жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү.
Балаты майрамын ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору жана Жаштар иштери боюнча комитет, Студенттик парламенттин мүчөлөрү болгон студенттер уюштурушту. Программа боюнча балдарга майрамдык концерт сунушталып, дискотека уюштурулуп, сахналаштырылган Жаңы жылдык жомок көрсөтүлдү. Балаты майрамына Аяз Ата, Аяз Кыз, бир катар жомоктордун каармандары келишип, балдарды Жаңы жыл майрамы менен чын жүрөктөн куттукташты!

Майрамдык иш-чарага катышкандардын сөздөрү боюнча балаты майрамы абдан кызыктуу жана шаңдуу өттү!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

О новогодней ёлке для детей сотрудников МНУ

26 декабря сего года в большом актовом зале Международного университета в г. Жалал-Абад (МНУ) состоялась Новогодняя ёлка для детей сотрудников МНУ.
Новогодняя ёлка была организована Культурно-эстетическим центром, Комитетом по делам молодежи и студентами-членами Студенческого парламента МНУ. Детям был дан праздничный концерт, организована дискотека, а также представлена Новогодняя сказка. На праздник пришли Дед Мороз, Снегурочка, а также различные сказочные персонажи, которые от души поздравили детей с Новым Годом!
По мнению участников праздничного мероприятия, Новогодняя ёлка была организована на высоком качественном уровне и очень интересно!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

346 View