ЭАУнун МАМЛЕКТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮДӨГҮ ИЙГИЛИКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн, кыргыздын белгилүү тилчиси, туңгуч лексикографы, лексикологу, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Хусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган акцияга жигердүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын диплому жана белектери менен сыйланды (белек: Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнүн 2 томдугу, ар бири 800 беттен). ЭАУнун бул сыйлыгында университеттин мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын профессор-окутуучулар курамынын салымы зор (кафедра башчысы, филол.и.к., доц. Динара Алтаева). ЭАУ ректоратын, мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасын мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына ЭАУ профессор-окутуучулар курамы атынан терең ыраазычылык билдиребиз!

Окуудан сырткары иштер, мамлекеттик тил жана коомчулук менен байланыштар боюнча проректор, филол.и.к., проф. Анвар ЖОЛДОШБАЕВ

181 View