ЭАУнун спорт жаңылыктары:

Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетте үстүбүздөгү жылдын 16-20 октябрь күндөрү студенттер арасында күзгү спартакиада өткөрүлдү. Спартакиада волейбол, баскетбол, мини футбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол, аркан тартышуу сыяктуу спорт түрлөрү боюнча өткөрүлүп, соңунда жеңүүчүлөргө жеңишин тастыктаган дипломдор, акчалай сыйлыктар берилди. Спорт майрамы жылдагыдай абдан көңүлдүү өтүп, күчтүүлөр, шамдагайлар жеңишти!

Спартакиада университеттин дене тарбия жана спорт кафедрасы, “Ден соолук” спорт клубу тарабынан уюштурулган. Мындай спартакиада окуу жай ачылган мезгилден, т.а. 1993-жылдан, бери өткөрүлүп, университеттин жакшы салттарынан болуп калган.

Спортивные новости МНУ:

В Международном университете города Жалал-Абад  с 16 по 20 октября сего года  была проведена осенняя спартакиада среди студентов. Спартакиада была проведена по таким видам спорта, как волейбол, баскетбол, мини футбол, шахматы, настольный теннис, тогуз коргоол (национальная интеллектуальная игра), перетягивание каната. Победителям вручены соответствующие дипломы, денежные призы. Ежегодный спортивный праздник удался, победили сильнейшие!

Организаторами спартакиады выступили кафедра физической культуры и спорта, клуб “Ден соолук” (“Здоровье”) МНУ. Проведение такой спартакиады стало доброй традицией вуза. Она проводится ежегодно со дня открытия университета, т.е. с 1993 года.

454 View