ЭАУнун спорттук жеңиштеринен жакшы кабарлар!

Үстүбүздөгү жылдын 14-19-ноябрларында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) студенттери “Дени сак жаштар – дени сак өлкө!” аттуу спорттук мелдештерге катышып келишти. Аталган иш-чарага Жалал-Абад шаарынын бардык жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттеринин курама командалары катышты. Спорттук мелдештер улуттук спорттун түрлөрү жана мини футбол боюнча өзүнчө өткөрүлдү.  Бул спорттук иш-чара Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу Жаштар иштери боюнча комитет жана “Курманбек” стадионунун администрациясы тарабынан уюштурулган. ЭАУнун  курама командасы айтылган мелдештерде улуттук спорттун түрлөрү боюнча жалпы командалык тартипте I орунга жана мини футбол боюнча өзүнчө I орунга жетишкен. Натыйжада ЭАУнун студенттерине 2 жеңиш кубогу берилген. Азаматсыңар, ЭАУ студенттери! Ар дайым ушундай жеңиштер силерди коштоп жүрсүн!

ЭАУнун аталган курама командасын машыктырып даярдаган дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучуларына ушул жеңиштер үчүн чоң ыраазычылыктарды билдиребиз жана албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Добрые вести о спортивных победах МНУ!

Студенты  Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) 14-19 ноября сего года приняли участие в спортивном мероприятии под наименованием «Здоровая молодежь – здоровая страна!».  В названном спортивном мероприятии приняли участие сборные команды всех высших и средних профессиональных учебных заведений г. Жалал-Абад. В рамках этого мероприятия проводились спортивные состязания по национальным видам спорта и мини футболу. Организаторами названного спортивного мероприятия выступили Комитет по делам молодежи мэрии г. Жалал-Абад и администрация городского стадиона «Курманбек». Студенческая сборная команда МНУ в общекомандном зачете в состязаниях по национальным видам спорта заняла I место, а также отдельно I место по мини футболу. В итоге студентам МНУ вручили 2 победных кубка. Молодцы, студенты МНУ, так держать!

Преподавателям кафедры физической культуры и спорта МНУ - тренерам сборной студенческой команды МНУ выражаем особую благодарность за эту победу и желаем в дальнейшем новых успехов!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

276 View