ЭАУнун студенттери республикалык деңгээлдеги “Кыргызстан – накталай эмес эсептешүүлөр өлкөсү” темасында долбоорлор сынагында I орунду ээлешти

К.Ш, Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) студенттери 2018-жылдын 30-мартында Бишкек шаарында жаштар арасында социалдык долбоорлорду илгерилетүүчү “ENACTUS-Кыргызстан” коомчулугу жана “БТА Банк” жабык акционердик коому уюштурушкан “Кыргызстан – накталай эмес эсептешүүлөр өлкөсү” темасында долбоорлор сынагында I орунду ээлешти. Сынакка 22 жогорку окуу жайдын командалары катышкан. Өтө курч атаандаштыкта ЭАУнун студенттеринин долбоору уюштуруучулар тарабынан мыкты деп табылып, ЭАУнун «ENACTUS МНУ» командасына I орун ыйгарылып, 20 000 сом акчалай сыйлык берилген. ЭАУнун командасынын академиялык эдвайзери ЭАУнун финансы жана статистика кафедрасынын окутуучусу Нисо Сариева, долбоордун координатору 4-курстун “Экономика” багыты (“Каржы жана насыя” профили) боюнча студенти Мунарбек Заирбек уулу, команданын капитаны ошол эле курстун жана багыттын студенти Нурсултан Сарбалаев болушкан.

ЭАУ студенттерине албан-албан ийгиликтерди жана ар дайым алдыда болушту каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Студенты МНУ заняли I место в республиканском конкурсе проектов на тему «Кыргызстан – страна безналичных расчетов»

Студенты Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) заняли I место в конкурсе проектов на тему «Кыргызстан – страна безналичных расчетов», организованного сообществом по продвижению социальных проектов среди молодежи «ENACTUS-Кыргызстан» и ЗАО «БТА Банк» в г. Бишкек 30 марта 2018 года. В данном конкурсе приняли участие студенты 22 вузов Кыргызстана. В острой конкуренции проект студентов Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова был назван лучшим. В результате чего организаторы конкурса I место присудили команде «ENACTUS МНУ», а также вручили премию на 20 000 тысяч сомов. Академическим эдвайзером команды была преподаватель кафедры финансов и статистики МНУ Ниссо Сариева, координатором проекта был студент 4 курса по направлению «Экономика» (профиль «Финансы и кредит») Мунарбек Заирбек уулу, капитаном команды был студент 4 курса по направлению «Экономика» (профиль «Финансы и кредит») Нурсултан Сарбалаев.

Желаем студентам МНУ дальнейших успехов! Так держать!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

272 View