ЭАУнун студенттери Португалияда, Чехияда жана Түркияда!

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) студенттеринин бир тобу үстүбүздөгү жылдын 19-майынан 27-майына чейин “Кавказдагы жана Борбордук Азиядагы ишкердик жогорку окуу жайларын инвестициялоо” долбоорунун алкагында Португалиянын Гимарейнш шаарындагы Миньо университетинин Экономика жана менеджмент мектебинде билимин өркүндөтүп келишти. Муну менен бирге, алар Португалиянын борбору Лиссабон жана Порту шаары менен турист катары таанышып келишти. ЭАУнун студенттеринин сөздөрү боюнча аталган окуу жайда окуп келишкени, турист катары Португалияда саякаттаганы абдан кызыктуу болду.

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин студенттеринин чет өлкөдө байма-бай билим жана тажрыйба алуусу кадимки көрүнүш: ЭАУнун студенттеринин бир тобу ушул жылдын 27-майынан 6-июнуна чейин Чехиянын Брно шаарындагы Масариков университетинде билимин өркүндөтүшүүдө, ал эми жакынкы күндөрү ЭАУнун бир нече тайпалары Түркиянын туристтик комплекстерине окуу-өндүрүштүк тажрыйбага жөнөтүлүшөт.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Студенты МНУ в Португалии, Чехии и Турции!

Группа студентов Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) в рамках проекта «Инвестирование в предпринимательские вузы Кавказа и Центральной Азии» с 19 мая по 27 мая сего года прошли курс обучения в Школе экономики и менеджмента Университета Миньо в городе Гимарейнш Португалии. Кроме этого, студенты МНУ в рамках туристических поездок посетили столицу Португалии город Лиссабон, а также город Порту. По оценке студентов МНУ поездка в Португалию была очень полезной в плане обучения, очень интересной в плане туризма.

В Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова обучение и прохождение практики за рубежом практикуется давно и активно, к примеру: такая же группа студентов МНУ с 27 мая по 6 июня сего года проходит обучение в Масариков университете города Брно Чехии. В ближайшие дни несколько групп студентов МНУ отправятся в туристические комплексы Турции для прохождения учебно-производственной практики.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

348 View