ЭАУнун студенттери жазгы ишембиликтерди өткөрүүдө!

         К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) студенттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-ж. 1.03. №37-б буйругуна, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-ж. 12.03. №266/1 буйругуна, о.э. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2019-ж. 28.02. №53-б “Шаар аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу жөнүндө” буйругуна ылайык жазгы ишембиликтерге чыгышты. Тактап айтканда, 12-14-март күндөрү окуу жайга жанаша Тарсус көчөсүн тазалоо үчүн ишембиликтерге чыгышты. Ишембилик алкаганда Тарсус көчөсү, жол боюндагы тротуарлар шыпырылып, арыктар таштандылардан тазаланып, жол ортосундагы жашыл тилкелер тазаланып, жээк таштардын түбүнө чогулуп калган кум менен топурактар алынды. Окуу жайдын чарба бөлүмү ишембиликтин катышуучуларын бардык тийиштүү шаймандар менен жетиштүү камсыз кылган. Ишембиликтердин бул этабы жаздын жылуу жана жаркын деми менен ынтымакта, шаңдуу өтүп, Жалал-Абад шаарынын дагы бир аймагы тазалыкка бөлөндү. 18-22-мартта жазгы ишембиликтердин экинчи этабы өткөрүлүп, окуу жайдын ички аймагы иретке келтирилет. Ишембиликтерди өткөрүүдө ЭАУнун Жаштар иштери боюнча комитети чоң күч жана дем берүүдө!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Студенты МНУ вышли на весенние субботники! 

         Студенты Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ)  согласно распоряжению №36-р от 1.03.2019 г. Правительства Кыргызской Республики, приказа №266/1 от 12.03.2019 г. Министерства образования и науки Кыргызской Республики, а также распоряжению мэрии города Жалал-Абад №53-р «О благоустройстве, озеленении и улучшении санитарного состояния территории города в соответствии с архитектурными требованиями» вышли на общегородские весенние субботники. 12-14 марта в рамках первого этапа субботников студенты МНУ провели субботник по улице Тарсус: очистили арыки от мусора, подмели улицу и тротуары, очистили зеленую полосу, убрали грязь, скопившуюся у бордюров.  Хозяйственный отдел полностью обеспечил участников субботника соответствующим хозяйственным инвентарем. Первый этап весенних субботников прошел организованно, дружно и весело. Еще один участок города стал чище и ярче. 18-22 марта пройдет второй этап весенних субботников, на этот раз в порядок будут приведены внутренние участки вуза. В проведении субботников темп и задор задаёт Комитет по делам молодежи МНУ!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

481 View