ЭАУнун жаңы ректору дайындалды!

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) негиздөөчүсү Кыргыз кооперативдер биримдигинин 2019-жылдын 23-январындагы №2 токтому менен ЭАУнун ректору болуп экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык Менеджмент академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын билим берүү мыктысы Сатыбалды Ашимович Өмүрзаков дайындалды.

э.и.д., проф. С.А. Өмүрзаков 1962-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Ош областында  туулган. 1985-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин эсеп-экономика факультетин “Бухгалтердик эсеп” адистиги боюнча аяктап, экономист квалификациясына ээ болгон. Жогорку билимдүү адис катары эмгек жолун Кыргыз Мамлекеттик университетинин өнөр жайдагы бухгалтердик эсеп кафедрасынын окутуучусу болуп баштаган. 1990-1993-жылдарыКыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Экономика институтунун аспирантурасында окуган. 1994-жылы экономика илимдеринин кандидаты окумуштуулукдаражасына ээ болгон. 1995-1996-жылдары Кыргыз Айыл-чарба институтунун агрардык бизнес факультетинин агрардык экономика кафедрасынын ага окутуучусу. 1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Агрардык академиясынын агрардык бизнес факультетинин экономика жана финансы кафедрасынын доценти. 1996-2018-жылдары ЭАУда бухгалтердик эсеп, аудит жана финансы кафедрасынын доценти, кафедра башчысы, эсеп-финансы факультетинин деканы, ЭАУнун Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун директору, Магистратура, аспирантура жана докторантура департаментинин директору, экономика жана экономикалык изилдөөлөр кафедрасынын башчысы кызматтарында иштеген. 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын Экономика институтунда доктордук диссертациясын жактап, экономика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасына ээ болгон.2015-жылы Аймактык Менеджмент академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен профессор окумуштуулук наамын алган.Америка Кошмо Штаттарынын, РоссияФедерациясынын жана башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларында, илимий мекемелеринде илимий тажрыйба алып келген.

э.и.д., проф. С.А. Өмүрзаков бир катар монографиялардын, окуу китептеринин жана колдонмолорунун, экономикалык сөздүктөрдүн, көптөгөн илимий макалалардын автору. Өрнөктүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын билим берүү мыктысы төш белгиси жана башка сыйлыктар менен сыйланган. Муну менен бирге, С.А. Өмүрзаков Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу.

э.и.д., проф. С.А. Өмүрзаков үй-бүлөлүү, биркыздын жана бир уулдун атасы. Жубайы кесиби боюнча врач.

В МНУ назначен новый ректор!

Ректором Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) согласно постановлению №2 от 23 января 2019 года учредителя вуза - Кыргызского союза кооперативовназначен доктор экономических наук, профессор, член-корреспондент Региональной Академии наук, отличник образования Кыргызской Республики Сатыбалды Ашимович Омурзаков.

д.э.н., проф. С.А. Омурзаков родился 29 декабря 1962 года в Ошской области Кыргызской Республики. В 1985 году окончил учетно-экономический факультет Кыргызского Государственного университета по специальности «Бухгалтерский учет» с присвоением квалификации экономиста. В качестве высококвалифицированного специалиста свой трудовой путь начал в должности преподавателя кафедры бухгалтерский учет в промышленностиКыргызского Государственного университета. В 1990-1993 годах учился в аспирантуре Института экономики Национальной Академии наук Кыргызской Республики. В 1994 году защитил кандидатскую диссертацию с присвоением ученой степени кандидата экономических наук. В 1995-1996 годах работал старшим преподавателем кафедры аграрной экономики факультета агробизнеса Кыргызского Сельскохозяйственного института. С 1995 года доцент кафедры экономики и финансов факультета агробизнеса Аграрной Академии Кыргызской Республики. С 1996 года работает в МНУ. В 1996-2018 годах занимал должности доцента кафедры бухгалтерского учета, аудита и финансов, заведующего этой же кафедры, декана учетно-финансового факультета, директора Института непрерывного открытого образования, директора Департамента магистратуры, аспирантуры и докторантуры, заведующего кафедрой экономики и экономических исследований МНУ. В 2013 году защитил докторскую диссертацию с присвоением ученойстепени доктора экономических наук. В 2015 году был избран членом-корреспондентом Региональной Академии менеджмента. В 2018 году решением Высшей аттестационной комиссии КыргызскойРеспублики ему было присвоено ученое званием профессора. Проходил научные стажировки в университетах и научных учреждениях Соединенных Штатов Америки, Российской Федерации и ряда других стран.

д.э.н., проф. С.А. Омурзаков автор ряда монографий, учебников и учебных пособий, экономических словарей, а также множества научных статей. За плодотворный труд в сфере образования и науки был награжден Почетной грамотой Министерства образования и науки Кыргызской Республики и нагрудным знаком отличника образования Кыргызской Республики, а также другими наградами ряда организаций и учреждений. Вместе с этим, он является Почетным гражданином города Жалал-Абад.

д.э.н., проф. С.А. Омурзаков женат, отец двух детей: дочь и сын. Супруга по профессии врач.

Служба по профориентационной работе

и связям с общественностью МНУ

546 View