ЭАУнун жаштар лидерлери жана активисттери ардак грамоталар менен сыйланышты!

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Манас Акматалиевич Абдыкалыков 10-ноябрь – Кыргыз Республикасынын Жаштар күнүнө жана 17-ноябрь – Студенттердин эл аралык күнүнө арналган иш-чаралар алкагында, жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Аны менен бирге ЭАУнун активист студенттери Максатбеков Шахсултан жана Мирлан уулу Өмүрбек Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу Жаштар иштери боюнча комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Биздин жаштар лидерлерин жана активисттерин алган сыйлыктары менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Молодежные лидеры и активисты МНУ награждены почетными грамотами!

Председатель Комитета по делам молодежи Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) Манас Акматалиевич Абдыкалыков в рамках мероприятий в честь 10 ноября – Дня молодежи Кыргызской Республики и 17 ноября – Международного дня молодежи, а также за личный весомый вклад в продвижении молодежной политики награжден Почетной грамотой Полномочного представителя Правительства Кыргызской Республики в Жалал-Абадской области. Вместе с ним, были награждены Почетной грамотой Комитета по делам молодежи мэрии г. Жалал-Абад и студенты-активисты  МНУ Максатбеков Шахсултан и Мирлан уулу Омурбек.

Поздравляем наших лидеров и активистов молодежного движения с полученными наградами!

Служба по профриентационной работе и связям с общественностью МНУ

307 View