2017-жылдын 4-мартында Экономика жана ишкердик университетинде «CreaLab» аттуу Илимий изилдөөлөр, иштеп чыгуулар жана инновациялар борборунун салтанаттуу ачылышы болду. Ал ачылышка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Урмаматович Сатыбалдиев жана бир катар областык, шаардык жетекчилер катышты. Жакынкы келечекте аталган борбор аркылуу экономикабызды өнүктүрүү боюнча илимий иштер илгерилетилип, экономика тармактарына, илим-билим жаатына жаңы инвестициялар тартылмакчы.

710 View