Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде 2017-жылдын 1-февралынан 5-февралына чейин профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлер арасында спартакиада өткөрүлөт. Бул спорттук иш-чара ЭИУда окуу жай ачылган мезгилден, т.а. 1993-жылдан бери, салттуу түрдө өткөрүлүп келет. Негизги максат: ЭИУ кызматкерлери арасында сергек жашоо ыңгайын жайылтуу жана жамаат ынтымагын арттыруу.

Спартакиада спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлөт: волейбол, баскетбол, мини-футбол, стол тенниси, чатыраш. Мындан сырткары, гиря көтөрүү, аркан тартышуу, комбинацияланган эстафета жана бильярд боюнча да мелдештер өткөрүлөт. Командалар окуу жайдын бөлүмдөрү боюнча түзүлүп, агайлар жана эжекелер командалары болуп бөлүнөт. Жеңүүчүлөр үчүн сыйлыктар тизмесинде: өтмө кубок, даражалар боюнча дипломдор жана акчалай сыйлыктар.

ЭИУнун ректору, э.и.д., проф. А.А. Мамасыдыков төмөндөгүлөрду белгилейт: “Мындай спартакиаданы жыл сайын өткөрөбүз. Бул спартакиадабыз эсеби боюнча 24-сү. Бул иш-чара окуу жайыбыздын турукташып калган жакшы салттары бар экенин айгинелейт. Аларды ЭИУнун Президенти, э.и.д., проф. К.Ш. Токтомаматов баштап берген. Биздин кызматкерлер бул спорт майрамын абдан жакшы көрүп, башталышын көптөгөн үмүттөр менен күтүшөт.  Агай-эжекелерибиздин спорт мелдештери студенттерибиздин да зор кызыгууларын жаратат”.

 

ЭИУнун Кесиптик багыл берүү

жана коомчулук менен байланыштар кызматы

726 View