Үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетте 1-курста билим алгандарга студент наамын ыйгаруу салтанаты  өткөрүлдү!

Салтанат абдан кызыктуу өткөрүлдү. Программа боюнча башында ЭАУ ректору э.и.д., профессор А.А. Мамасыдыков окуу жайдын алтын билим ачкычын, символикалык сынак китепчесин жана студенттик билетти 1-курстун студенттерине салтанаттуу түрдө тапшырды. Андан кийин 1-курстун студенттери жакшы окууга, окуу жайдын профессор-окутуучуларын сыйлоого, окуу жайдын аброюн жогорку деңгээлде сактоого ант беришти. Анттан кийин майрамдык концерт болуп, салтанаттын катышуучуларынын назарына шаңдуу эстрадалык ырлар, көз жоосун алган бийлер, КВН тамашалары тартууланды. Университеттин тарыхында бул 24-жолку 1-курста билим алгандарга студент наамын ыйгаруу салтанаты. 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

30 октября сего года в Международном университете в городе Жалал-Абад состоялось торжество в честь посвящения первокурсников в студенты!

Торжество прошло в лучших традициях МНУ. Согласно программе ректор МНУ д.э.н., профессор А.А. Мамасыдыков поздравил первокурсников и торжественно вручил золотой ключ знаний, символическую зачетную книжку и студенческий билет. После чего первокурсники принесли клятву на то, что будут прилежно учиться, уважать профессорско-преподавательский состав, поддерживать высокий имидж вуза. Далее состоялся праздничный концерт с современными эстрадными песнями, увлекательными сценическими танцами, выступлениями КВН команд МНУ. Это посвящение первокурсников в студенты МНУ по счету уже 24 посвящение в истории вуза.

Служба по профриентационной работе и связям с общественностью МНУ

278 View